Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин жаңы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин өмүр баяны

Президенттин жаңы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин өмүр баяны

18-май, 17:45
1 217 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1991-жылы 10-августта Бишкек шаарында төрөлгөн. 

2013-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин аяктаган.

2015-жылы Россиянын интеллектуалдык менчик академиясын аяктаган.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

-- 2013-2015-жылдары – өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы (Кыргызпатент);

-- 2015-жылдын январь-ноябрь айларында – интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик ишканасынын төрагасынын жардамчысы;

-- 2015-2016-жылдары – интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик ишканасынын инновациялар бөлүмүнүн башчысы;

-- 2016-2017-жылдары – өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, каржы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;

-- 2017-жылы – өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2017-2019-жылдары – коомчулук менен байланыш жана медиа бөлүмүнүн эксперти;

- 2019-2020-жылдары – президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

- 2020-жылдын январь айы, 2021-жылдын май айы – президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын президентинин ыраазычылык каты менен сыйланган (2016), Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2018), Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (2019) жана жеке кол саат менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер