Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москва. Түнкү батир. Иниңдей балдар тийишип, кыйшаңдап жатышса...

Москва. Түнкү батир. Иниңдей балдар тийишип, кыйшаңдап жатышса...

13-июль, 17:09
11 549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин атым Гүлмира. Ата-энемдин үчүнчү кызымын. Эки эжем турмушка чыккан. Мен дагы турмушка чыгып, отубуз күйүшпөй, ажырашып кеттик. Эки кызым бар.   Сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Мен мугалим болуп иштеп жүрдүм. Күйөөм ичпейт деле, мага колун көтөрбөйт. Бирок, ашынган ууру болуп чыкты. 

Үйүбүз чоң коргон менен курчалуу. Өзүнүн мен тааныбаган достору бар. Түнү укташчу эмес. Кайдан алып келишет билбейм, "эртең мал базар" деген түнү бир машине мал алып келишет да, эртеси сатышат. Түн ичинде сөзсүз эки-үчөөнү биздин короодон союшат да, ал эттер бир кишиге билинбей Бишкектин базарына кетет. Карыган
кайненем чырылдап эле калат. Эки-үч жолу үйгө милиция келип, жолдошумду алып кетти. 15 күн же бир ай отурат да, чыгып келип калат.
"Уурдалып союлган малдын этин үйгө жолотпо, биз жебейбиз" дечүмүн.
Чындыгында эле балдарыма арам оокатты жедиргим келчү эмес. Мектепте балдарга сабак берип атып, алардын көздөрүн карай албай турган абалга
жеттим. Мен аларга "ууру кылбагыла, ушак сүйлөбөгүлө" деп акыл айтам. А өзүм болсо уурунун аялымын. Ууруга тамак жасайм, анын кирин жууйм, кечкисин бир төшөктө уктайм. Бул азапты башынан өткөргөн адам гана билет. Жолдошум
 болсо менин ыйлаганымды, кайненемдин чырылдаганын уккан жок. Уурулугу күчөй берди. Көрсө, шериктештери милиция, анан дагы райондук прокурор экен. Ошондой күндөрдүн биринде кайненем өтүп кетти...

Кайненемдин кыркын жаңы эле өткөрүп бүткөнбүз. Кайнатамдын биртууган жесир карындашы бар болчу. Күйөөсү жаш эле өтүп кеткен. Беш эркек баласы бар. Балдары үйлөнө элек. Улуусу 24 жашта. Балдары иштерман, жер айдап, мал багып оокат кылышат. Үй бетин көрүшпөй, эки баласы такай мал багып, ал эми эки баласы жер иштетишет. Эң кичүүсү Кадыр 5-класста окуйт. Мен анын класс жетекчисимин. Бир күнү "ишке барайын" деп кийинип атсам, тиги жесир кайнежем келиптир. Өпкө өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлайт. "Багып аткан эки уюбуз жок" дейт. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дегенди мен ошондо түшүндүм. Мен дароо уктап аткан күйөөмдү ойготтум. Түнү менен үч киши болуп, эки уй союшуп, таң заар менен Бишкекке жөнөткөн. Мен чыккан да эмесмин. Баягы иши да. Анын жумушуна кийлигишпей калганыма көп болгон. Укпагандан кийин айттың, айтпадың, эмне? Бирок, ортобуз сууп, сүйлөшпөй деле калдык. Күйөөм эч жерде иштебесе да, айдаганы кымбат “Мерседес”. Кармаганы акча. Күйөөм эжесине "уюң жоголсо, мага келесиңби?" деп, аябай эле оңураңдады. Мен түңүлдүм.
Биринчиден, жесир аял, экинчиден, карачечекей эжеси го, атасынын биртууган
карындашы. Эже аябай ыйлап кетти. "Балдарымдын мээнети эле, сатып, келин алайын деп аткам" деп. Өлгөн күйөөсүн кошуп ыйлады. Мен эмне дээримди билбей, эжени узатып чыксам, кичинекей Кадыр келип, апасын жетелеп
 жөнөдү. Кетип баратып, мага тике карап, "эже, уйларыбызды күйөөңүз эле уурдады. Милициялар анын досу
, ошон үчүн күйөөңүздү камабайт.
Бирок, мен чоңойгондо, күйөөңүздү сөзсүз өлтүрөм, ушуну айтып коюңуз" деп
басып кетишти. Байкуш эже жалтактап, "кой, уулум, улуу кишиге антип сүйлөбөйт" деп уулун тыйып, менден кечирим сурап жиберди. Мен үнсүз катып турдум. Кыш болчу. Эже чалыштай басып, уулу экөө бара жатты. Бутунда эски
маасы. Январь айы болсо дагы галош эмес, кытайдын жайында баняга кийчү кызыл сланцысын кийип алган.
Жемпири, халаты да эски, башында өзү токуп алган эски тыбыт жоолук. Кадыр да апасы токуп берген жемпирчен. Бул үй-бүлөнү мен жакшы билем. Жалаң мээнет менен ак эмгек кылган момун адамдар. Балдары тартиптүү. Эже өзү
 бирөө менен иши жок, ушак-айыңдан алыс аял.

Үйгө кирсем, кыздарым ойгонуп, күйөөм коңурукту кош тартып, уктап жатат. Башында жаңы ачылган коньяк жарымынан болуп калыптыр. "Ооба, укта, сага эми түн кирбедиби?" дедим. Күйөөм түнү менен жоголуп, күндүз уктачу. Мен ушул жолу баарына тойдум. Кыздарымды кийинттим. Тигил эми ойгонсо, кечинде ойгонот. Кошунабыздын баласы Бишкекке каттачу, барсам үйүндө экен. Кудай жалгап, Бишкекке камынып атыптыр. "Белек, мени кыздарым менен ала кет" дедим. Ал да кардар табылганына сүйүнүп кетти. Акчасын дароо колуна карматтым да, шашылыш экенимди айттым. Төркүндөрүм Сокулукта болгондуктан, Белек шек алган деле жок. Мурда да аны менен барчумун. Мен үйгө кирип, шифоньерден күйөөм берген акчаны алдым. Бул акчаны "кайненемдин кыркына" деп жүз миң сом берген. Анын кырк миңин коротуптурмун. Алтымыш миңи калыптыр. "Бул эки уйдун акчасына жетпесе керек" деп ойлодум. Күйөөмдүн акча койгон жеринен дагы элүү миң сом алдым да, он миңин өзүмө калтырып, жүз миңин өзүнчө бөлүп алдым. Эки сумка кийимден бөлөк эч нерсе албай, үйдү кулпулап, ачкычты форточкадан үйдүн ичине ыргытып койдум. Ичинен деле ачылмак. Машинага отурдук. Айдай эженин үйүнөн токтотуп, кирсем, эже уулдары менен жер тиктеп, маанайлары түшүп отуруптур. Мен эженин колуна жүз миң сомду карматып, кетип жатканымды, акча жөнүндө эч кимге айтпоосун сурандым. Канчалык кармансам дагы ыйлап жибердим. "Эже, мен мындан ары бул үйдө жашай албайм" дедим. Айдай эже чыйпылыктап, "ую менен кара жерге кирсин, кой, ажырашпа, кетпе" деп өзүн күнөөлүү сезди. Бирок, мен алардын күнөөлүү эместигин айтып, коштоштум. Бишкекке жеткенибизде ууру күйөөм телефон чалды. "Мен бир жумада барам" деп койдум. Ал шекшиген деле жок. Болгону, 20 миң сом алганымды айттым. "Көбүрөөк деле албайт белең?" деп ыңгыранып, трубканы коюп койду. Мен бир жуманын ичинде улуу эжем менен сүйлөшүп, кыздарымды ага калтырып, Москвага поезд менен жөнөп кеттим. Эжем да кичинекей кызы менен үйдө отурчу. Жездем жакшы киши, "эң туура кылыптырсың" деди. Мен Москвада курдашымдын үйүнө келип түштүм. Жакшы курбу деле жакшы экен. Ал чуркап жүрүп, документтеримди ырастап, чоң мейманканага кызматчы кылып орноштуруп койду. Тапканымды кыздарыма, апама салам. Апам "коротпой, үй алып ал" деп чогултат. 

Күйөөм бир жылга жакын ата-энемдикине келип, мени сурап, издеп жүрдү. Мен чалып, "турмушка чыктым" дегенден кийин келбей калды. Угушума караганда, Бишкектик жаш ырчы кызга үйлөнгөн имиш. "Бактылуу болсун!" дедим. Жүрөгүм абдан муздаптыр, "үйлөндү" дегенди угуп, "кутулган экенмин" деп сүйүндүм. Убакыт билинбей өтө берет тура. Москвага келгениме үч жыл болду. Үйүмө бара элекмин. Ишимди жоготуп алуудан корком. Буюрса, "жайында барам" деп турам. Кыздарым менен телефон аркылуу сүйлөшөм. Аларды абдан сагындым. Азыр алар ата-энемдин колунда. Ата-энем кыздарымды жакшы карап жатышса дагы, менин жүрөгүм Кыргызстанда калгансыйт. Ыйлап чыккан күндөр көп эле болду. Бешенеге эмне жазылса, ошону көрөт экенсиң. Москванын турмушу жаныма батты. Айрыкча, батир маселеси. Жаш балдар теңтуш болот. Түн ичинде иниңдей болгон балдар тийишсе, күйбөгөн жериң күл болот. Бир бөлмөдө алтообуз жатабыз. Экөө эркек, төртөөбүз аял. Уктатпай жаш балдардын кыйшаңдап турушканы... Калган эки бөлмөдө деле ушундай көрүнүш. Биздин мамлекет оңолот болду бекен? Менин кыздарым мендей болуп, кыйналбаса экен (!) деп күнү-түнү ойлоном...


Гүлмира, Москва шаары

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер