Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровго айткан Адахан Мадумаровдун сыны жарашпай калганда

Садыр Жапаровго айткан Адахан Мадумаровдун сыны жарашпай калганда

11-ноябрь, 18:47
1 617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кара-Кулжада эл менен жолугушууда Адахан Мадумаров “шляпа, плащты кандай кишилер кийет? Сабаттуу кишилер да... шляпа жоголгондон кийин баары кепка кийгенден баштап баары өлдү, чириди... Азыр улуусу деле, кичүүсү деле кепканы баса кийишет. Көчөдө жүргөн шпанабы? Ким экенин билбейсиң. Андайды илгери көчө балдары кийчү эле, азыр баары кепка кийишет, калпак жарашпай калган” деп бакылдады. Адахан Мадумаровдун болгон деңгээли ушул экен. Болбосо күн санап өзгөрүп жаткан заман менен кошо баш кийим да өзгөрүп жатпайбы? Ошол эле шляпа, плащты учурунда гангстерлер да кийген. Өзбектер ала чапанын качан эле чечкен, кыргыздар калпагын башынан түшүрбөй кийип, “калпак күнүн” да майрамдап жатабыз го. Тилинен чаң чыккан Адахан аны эмне үчүн айткысы келбейт? Же Адахан Мадумаров “президент эмне үчүн калпак кийбейт, кепка кийет?” деп ошого байланыштырып бир чымчып өтүү максатында айтып жатабы? Анда эле ал жаңылышат. Себеби, Садыр Жапаров кепка эмес, бейсболка кийип жүрөт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер