Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиз Батыров: “Канчалык уу чачпагыла, колумдагы комузумду ала албайсыңар”

Азиз Батыров: “Канчалык уу чачпагыла, колумдагы комузумду ала албайсыңар”

20-ноябрь, 14:14
1 337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Азиз Батыров ага карата айтылган сөздөргө жооп кайтарды.

Айрым кара ниет адамдар мени жек көрүшүп, уусун чачып, бут тосуп жолдорума ар кандай тузак коюшуп, ушак сөз таратышып, жамандык жасай алышыңар мүмкүн.

Менин баардык нерсемди алсаңар да, бирок миң ирет аракет кылсаңар да колумдагы комузумду, таңдайымдагы добушумду ала албайсыңар, анткени ал мага жараткандан берилген белек!

Өмүрүмдүн аягына чейин кыргыз элинин улуттук аспабы менин жакын досум – ыйык комузумдун коштоосунда ырдап өтөмүн.

Кыдырайын тирүүлүктүн дүйнөсүн,

Ырлар менен менин изим гүлдөсүн.

Максатыма жетүү үчүн баратам,

Узун жолдор, узак сапар бүтпөсүн.

Болсо дагы келечегим табышмак,

Эртеңиме көп нерсени табыштап.

Ак эмгектин көргүм келет үзүрүн,

Өнөр жолдон мен каалаган бакыт таап.

Мейли менин жолум болсун бүдөмүк,

Учур келсе кадамыма гүл өнүп.

Ак калпактуу эл-журтума таянып,

Өргө карай уча берем күүлөнүп.

Сезе билип ар бир күндүн жыргалын,

Ишенемин орундалат кыялым.

Тамчы салым кошкон болом калкыма,

Аалам кезип жаңырганда ырларым.

Кыдырайын тирүүлүктүн дүйнөсүн,

Ырлар менен менин изим гүлдөсүн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер