“Баягы күйөөм жок, өчүп бараткан сүйүүсү күч ала баштады”


Мен бир кезде дене-боюм келишкен кыз болчумун. Күйөөм дал ошонума кызыккан. Алтургай мени менен сыймыктанып, толук кыздарды «өзүн карабаган кыздар» деп жактырчу эмес. Аялы толук досторуна сын такчу. Дене-мүчөгө төп келишкен кийимдерди сатып берчү...
Ошентип экөөбүз катарынан эки балалуу болдук. Мен 17 кг салмак кошуптурмун. Кош бойлуу кезимде таттууларга жана лагманга талгак болгом. Анан эле баягы күйөөм жок, балдар менен ызы-чуу болуп отурсам, ал Инстаграмга кирип, арык кыздардын сүрөттөрүн карап, шилекейи чууруп, “лайк” басып отурчу. Арыктабасам, таштап кете турган түрү бар. Мен кийимдерим батпай, майларым салаңдап, стресс болгонум аз келгенсип, күйөөм ого бетер кошул-ташыл болду. Ажырашканга чейин барайын дедим да, кайра балдарым үчүн калдым. Анан баламды эмчектен чыгаргандан кийин арыктоону баштадым. Мурунку калыбыма жетүүгө аракеттендим. Азыр эми баягы күйөөм жок, мага кайра жармашып, өчүп бараткан сүйүүсү күч алып калды. Көрсө, эркек деген баары бир көзү менен сүйөт экен...











