Шахмат федерациясында чыңалуу күч алды, аягы эмне болот?
КР шахмат федерация экиге бөлүнгөнү турат. Учурдагы президенти Милан Турпанов менен вице-президенти Талант Мамытовдун ортосунан кантип “кара мышык” өтүп кеткенин билбей турабыз. Бир тарабы Миланды жактап, анын мүмкүнчүлүгү чектелген акыл-эс оюнчуларын ар дайым колдоп келгенин айтып, акыркы учурда Кыргызстандын шахматчылары байма-бай эл аралык турнирлерге жиберип турганын, дагы-дагы алгы иштерин тизмектеп атышса, бир тарабы КР шахмат федерациясында каржылык маселесинен мүчүлүштүк кетип атканын каңкуулашууда. Эки ортодогу чыңалуу сыртына жарылып чыгарына аз калды көрүнөт. Көз тийдиби же чын эле федерация президенти каржылык маселесинен орой каталарды кетирүүдөбү? Биз эки тараптын тең жүйөлүү кептерин угууга даярбыз.
Бекбол Айдаров
"Азия Ньюс" гезити