Атай Бейшенбек: “Дүйнө башка багытта кыймылдап атса, а биз баягы эле стандарттар менен отурабыз”


-- Элибиз сени чындыкты тайманбай айткан блогер, активист катары тааныйт. Кысымдар байкалбайбы?
-- Актуалдуу маселелерди көтөргөндө кысымдар ар кандай форматта көрсөтүлөт. Ошол эле социалдык тармакта ар башка атка жамынган адамдар жеке куржунга кат жазышат, же болбосо туура эмес маалыматтарды таратышат. Бул Кыргызстандын коомдук жашоосунда көнүмүш адат катары калыптанып калгандай. Алар биринчи сындап көрүшөт, кийин коркутуп көрүшөт, текшерип көрүшөт...
Биз болсо аргументтештерилген мисалдарыбызды келтирип, өзүбүздүн ишибизди улантып, коомчулук колдоп кеткенде, алар четтеп кала беришет. Көнүмүш адаттагы ар кандай басым көрсөтүүлөр дайым байкалат. Бирок өтө чектен өтүп кеткен учурларды көрө элекпиз. Бирок, андайга да дайынбыз.
Коомчулук талап кылып, саясатта болуп жаткан иштерди көзөмөлгө албасак, Кыргызстанда өзгөрүү болбойт. Бир гана бийлик бутактарына жүктөп коюп карап туруу кандай натыйжага алып келерин отуз жылдык практикада көрдүк. Ошондуктан баардыгыбыз активдешип, реалдуу суроо-талаптарды коюуну үйрөнүп, анын ишке ашуусун көзөмөлдөшүбүз шарт.
-- Жаңы шайланган мэр Эмил Абдыкадыровго сын пикир жолдодуң, ал кишинин кабыл алуусунда болуп, жеке баарлашуу да болгон экен. Эми кандай жаңы иштерди күтсөк болот? Мэриянын иши алга жылчудайбы?
-- Бишкек шаарынын азыркы мэри Эмил Абдыкадыров тууралуу ачык пикирлеримди буга чейин жазып келдим. Жума күнү жолугушуп, кырк мүнөттөй баарлаштык. Менин пикир алышуум “ал киши реалдуу кандай пландарды ишке ашырат? Кандай долбоорлордун үстүндө иш алып барат? Структурасы, бюджети кандай?” деген суроолор эле. “Программа, команда кандай иштейт?” деген багыттар боюнча талкуу кылалы десек, тилекке каршы, ал кишинин пресс-конференциясында дагы, жеке жолугушуусунда дагы азыркы учурда баардык маселелер жаңыдан каралып жатканы тууралуу маалымат берилгендиктен, биз кенен талкуу жүргүзө алган жокпуз. Ошол талкуунун жыйынтыгы бир гана Абдыкадыров өзү суранган бир айлык мөөнөттөн кийин уланат (!) деп чечим чыгардык.
Пресс-конференцияда бизге берилген суроолор боюнча талдап, жыйынтык чыгара турган болсок, бул киши реалдуу өзгөрүүлөргө барарын айтуу кыйын. Анткени мэр бир ай болобу, жүз күн болобу, баары бир алдына кандай багыттарды коёру билинип калат. Азыр “ал кишинин ынана турган ой пикирлери бар”, же болбосо “жоопкерчиликтүү кадамдарга барат” дегенден алысмын. Баягы эле стандарттык форматта ишин улантчудай. Кол алдындагыларга “кандай креативдүү чечимдерди кабыл алсак, шаарда өзгөрүүлөр жаралат?” деген тапшырманы коюптур. “Буга чейин жыйынтык көрсөтө албаган команда бир айдын ичинде уникалдуу долбоорлорду иштеп чыгат” дегенден да алысмын. Ошондуктан реалдуу команданы алып келип, натыйжалуу иштерди баштаса туура болмок. Бул киши атайын критерийлерди иштеп чыгып, алдын ала жаңычыл багыттарды, пландарды коюп, “баланча мөөнөттө бул көрсөткүчтөргө жетишибиз керек” деген суроо-талаптарды койсо, шаардыктарга да түшүнүктүү болмок. “180 күн иштеп кеткен Жунушалиевге кандай баа беребиз? Эмнелер аткарылды? Кайсы пландарды ишке ашырууда артка чегиништи?” деген көрсөтмөлөр да жок. “Жөн эле келди, жоопкерчиликсиз кадамдарды таштады, кайра кетти” деген эле ой калды.
-- Анда эмне кылуу керек?
-- Демек, кийинки мэр да ошондой болуп келип кетпеш үчүн көзөмөлгө алып, жаңыча кадамдарды талап кылуубуз абзел. Ал киши айтып жаткан “бюджетти коридорлорго илип коём” дегени – өткөн чак. Ар бир адам мэрияга барып коридорун кыдырбайт, онлайн режимде аткарылып жаткан пландарды, бюджетин көрө тургандай мүмкүнчүлүк түзүлүшү шарт. Эмил Абдыкадыров пландарын ишке ашыруудан мурун Айбек Жунушалиевдин иштерине аудит жүргүзүп, “эмне себептен бул иштери артка кайтарылды?” деп тыкыр кароосу зарыл.
-- Бүгүнкү саясый айдыңдагы кадрлар тууралуу кандай ойдосуң?
-- Тилекке каршы, өлкөбүздө жүрүп жаткан кадр саясатын толук кандуу кайра карап чыгуу зарыл болуп турат. Анткени кадрлар кандай иш алып барып атканын көрбөй жатабыз. Мисалы, “алдына коюлган максаттар канчалык деңгээлде аткарылды? Аткарылбаса, эмне себептен аткарылбай калды? Ага кандай чара көрүлөт?” деген механизмдер жокко эсе. Ошондуктан биз, эсиңиздерде болсо, бир жарым ай мурун мэрликке 8 кишинин резервин бекиткенбиз. Тилекке каршы, кадрдык резервде жок адам мэр болуп келди.
Кадр саясатын бүгүнкү күндө түп-тамыры менен өзгөртүү – учур талабы. Анткени иштөө принциптер да өзгөрүп жатат. Дүйнөдө пандемия учурунда жана азыркы жүрүп жаткан геосаясаттагы чакырыктар биздин мамлекеттик бийлик бутактарын толугу менен карап чыгууга муктаж. Дүйнө башка багыттар менен кыймылдап жатат, а биз баягы эле стандарттар менен отурабыз. Ошондуктан стандарттык эмес чечимдер, жаңы көз караштар, жаңы багыттар менен ишибизди улабасак, эч кандай жыйынтык болбойт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











