Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Атамбаевдин ордуна тезинен Жээнбековду отургузууга убакыт келди”

Мээрбек Мискенбаев: “Атамбаевдин ордуна тезинен Жээнбековду отургузууга убакыт келди”

28-май, 19:01
4 408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күндөгү акыбалы, ден соолугу боюнча түрмөдөн чыгат” деген имиш кеп угуп калдык. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-- Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү күндө ден соолугу аябай начарлап кетти. Камалып жаткан себептерин Батукаевге такап, сот иштери бүтүн жокко чыккан. Эч негизсиз эле түрмөдө отурат. Биз ойлоп атабыз, жаңы бийлик келгени менен соттордун баары Сооронбай Жээнбековдун адамдары болуп, алар туура эмес маалыматтарды жеткирүү менен атайын чыгарбай атышат. “Жакында чыгат, акыйкаттык, адилеттүүлүк орнойт” деп үмүттөнүп турабыз. Көптөрү ойлоп атса керек, “Атамбаев түрмөгө камалса эле болду” деп. Ал ар качандан бир качан “мен эч жакка качпайм” деп айтып келет. Атамбаевдин эң чоң күнөөсү – Сооронбай Жээнбековго ишенип, бийликке алып келгени болду. Эгер “бийликке алып келдиң” деп соттосо, биз да макул болот элек. Башка иштери боюнча эч бир күнөөсү жок. “Бу кишини түрмөгө камап, сындырабыз” дегени суу кечпейт. Атамбаев түрмөдө болсун, же кайра президент болсун, эрдиги, көкжалдыгы, көкбеттиги, анын өзүнүн натурасы ушундай адам, эч качан өзгөрбөйт. 

 -- Мурунку ажо Сооронбай Жээнбековдун "экс-президент" макамы канчалык деңгээлде негиздүү же аны алып салыш керекпи? Сиздин жеке оюңузду уксак?..

-- Сооронбай Жээнбековдун “экс-президент” деген макамы эч негизсиз. Курманбек Бакиев менен айырмасы жок. Экөө тең кландык, үй-бүлөлүк, криминалдык  башкарууну өркүндөтүп, кыргыз элинин душмандары аталып, акыр-аягында эл канкорлорду бийликтен кууп салышкан. Атамбаевдин Соке “досу” бийликтин аягына чейин турган жок. Элге ок атты, каршы чыкты. Анан кыргыз эли “экс” деген макамды бергени өтө туура эмес. Садыр Нургожоевич “ырым кылып бердим” деп атпайбы, убакыт келет, азыркы бийлик алсыраганда кол саларына бөркүмдөй көрөм. Сооронбай Жээнбековдун натурасын, жылма саясатын элдин баары эле билип калды. Керек болсо азыркы президентке да тымызын каршы иштеп атканы байкалып турат. Командасы менен Садырды элге жаман көрсөтүүнүн аракетин кылып аткандын баары Жээнбековдун командасы да. Бул нерсени улам-улам айтып атам. Муну азыркы бийликтегилер да билет. Ошон үчүн Жээнбековдун “экс” макамын тезинен алып, иш козгоп, түрмөгө – Атамбаевдин ордуна отургузуш керек! Сооронбай Жээнбеков турганда Кыргызстанда тынчтык болбойт! 

-- Мунун баарын жеке ичкүйдүлүгүңөн улам айтып жаткан жоксуңбу?

-- Сооронбай Жээнбеков тарыхта канкор жана саткын бойдон калат. Өзү эле эмес урук-туугандары, куда-сөөктөрү да ушундай макамга татыктуу деп эсептейм. Жээнбековдордон жакшылык күтүүгө эч болбойт! Анткени, 24 жыл бою бирге жүргөн санаалаштарын, партиялаштарын, эң жакын досун бийликке келери менен чыккынчылык түрдө сатып, алдын түрмөгө отургузду. Ал эми элге кылган карасанатайлыгын айта берсе сөз түгөнбөйт. Кыргызстанды артка тартып, пандемия учурунда элдин ырыскысы болгон акчаларды “жеп”, элди кырып коё жаздады. Өткөн жылдагы октябрь окуясында элге каршы ок атты. Канчалаган адамдар жарадар болуп, майып болгондордун саны күн сайын өсүүдө. Менимче, булардын күнү бүтөрүнө аз калды. Катуу жазаларын алат.

-- Учурда эмне иш менен алексиң? Саясый карьераң токтогон жокпу? Азыркы бийликтен кысымдар байкалбайбы? 

-- Абактан чыккандан бери сот менен алекпиз. Ошол эле Сооронбай Жээнбековдун бийлиги алдында мыйзамсыз токулган сот чечимдери азырынча токтоп турат. Таңгалганым – Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиевдерге иш козголуп, издөө жарыяланбаганы. Анткени, Жээнбековдун командасы азыркы бийлик менен коюн-колтук алышып иштешип атканында. Биз Жээнбековдун командасынан толук кандуу тазаланмайынча, Кой-Таш окуясы жетиштүү түрдө ачылбайт. Азыркы бийликтен куугунтук көргөнүм жок. Куугунтуктун туу чокусун Жээнбековдун бийлиги көрсөткөн. Ойго келбеген иштер менен иш козгоп, үйгө чейин бандиттерин жиберип, коркуткан күндөр болгон. Күнү-түнү дебей аңдышып, акыры түрмөгө отургузушту. Ал эми азыркы бийликтен андайдын кылдай учун көрө элекмин.          


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер