Марлен Маматалиев, ЖК депутаты : “Мурасты ата-энесин караган баласы гана алууга тийиш”
-- Марлен Абдырахманович, комитет сиздин ата-энесин карабаган балдарды мурастан ажыратууну сунуштаган мыйзам долбооруңузду кайра иштеп, түзөтүп келүүгө жиберди. Талаштын өзөгү эмнеде?
-- Бул мыйзамдын негизги максаты – биздин каада-салтта болбогон, жат көрүнүш катары кабыл алынган, акыркы кездерде көбөйүп кеткен бир көрүнүшкө бөгөт коюу. Айрым балдар ата-энелерин карабай, карылар үйүнө өткөрүп коюп жатышат. Багар-көрөрү жок болсо, ал башка маселе. Колунда барлар, бир эмес, беш-алтыдан балдары туруп карылар үйүнө тапшырган, анан ата-энеси каза болгон соң алардын мүлкүнө ээлик кылган жат көрүнүш көбөйүп кетти. Ата-эне деген ата-эне экен, балдарын эч качан жамандабайт. Керек болсо алган пенсиясын да топтоп беришет. Ошондуктан, биз ушул жагын эске алып, мурас ата-энесин кеминде 5 жыл караган баласына калсын деп сунуштап жатабыз. Себеби, ата-энесин бир баласы багып, анан карабай кетип, кийин келип алып соттошкон учурлар да жок эмес.
-- Бул мыйзамга министрлер кабинети терс пикирин билдириптир. Башкы прокуратуранын өкүлү да каршы экендиги белгилүү болду. Себеби эмнеде?
-- Алар караса-карабаса да мурас балдардын баарына бирдей тийүүсүн айтып жатышат. Бул эми туура эмес нерсе да... Биз башка улуттардын салттарын албай эле коюшубуз керек. Өзүбүздүн ата-бабалардан калган салттарга таянганыбыз оң.