Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбектин саясаттагы жолу уланат...

Жусупбектин саясаттагы жолу уланат...

28-июнь, 18:49
916 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп, кыска аралыкта популярдуулукка жетишкен Жусупбек Коргонбай уулу күтүүсүздөн мандатын тапшырып кеткен. Көралбастыктын, ичкүйдүлүктүн курмандыгыбы? Ооба, саясатта убактылуу тайм-аут алуу, артка чегинүү да логикага бап келет. Алдыга озгон аргымакты деле чалып жыгууга аракеттер күч эмеспи. Бирок, бут тосууларга карабай Жусупбек белдүүлүгүн көрсөтүп, аренага кайтып келери толук мүмкүн. Себеби, амбиция бар.

Ал ушунчалык демдүү, жигердүү иштеген экен, кичи мекениндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү тездикте чечүүгө киришкен. Тамтыгы чыккан Ноокат-Ош жолунун курулушун баштатып, оорукана, мектеп, бала бакча, айтор, элге керектүү объектилерди салдырууда алдыга озгон. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин трибунасынан адилеттүүлүктү айтып, алдууга айбат көрсөтүп, алсызга кол сунуп турганы эсибизде. Жусупбек Коргонбай уулунун иликтөөсү, жазган каты аркылуу түрмөдөгү 627 адам амнистияга илинген. Шорлогон тагдырларга жаңы жашоону ыроолоп, үмүт жандырганы ырас. Жакшылык жаратуунун жарчысы бекен? 

Негизи чоң саясатта убактылуу тыныгуу алган да жөндүү. Өткөн-кеткенге саресеп салып, ийгиликтер менен кемчиликтерди таразалап, сабак алуу да ашыктык кылбас. Мындайда эртеңки күнгө план түзүп, идея, демилгелерди да иреттеп аласың. Бул такшалуунун, алдыга өсүүнүн жолу. 

Азыркы мамлекет башчылар деле ишкерликте жүрүшүп, депутат болушуп, оош-кыйыш кезеңди баштан өткөрүшүп, анан бийликке келип калышты да. Бул жагынан Жусупбек Коргонбай уулун салыштырганда, дарамети, деңгээли жагынан алардан кем калышпайт. Татаал турмуштан телчигип, бизнестен көтөрүлүп, мандат алып, саясатчы катары өзүнүн чыйырын сала алды. А ким билет? Эртеңки күнү спикер, же мамлекет башчы болуп калсачы? Келечектеги эл башкара турган адамдар арабызда эле жүрүшү мүмкүн. Эгерде Жусупбектин маңдайына жазып койсо, ал жазмыштын буйругу да...

Соңунда бир нерсеге ынаналы. Жусупбек Коргонбай уулунун көчү уланат. Өзүнчө оригиналдуулугу бар. Эр ортону элүүгө чыга элек кезинде көптөгөн жаратмандык демилгелерди жүзөгө ашырып, эл оозуна алынып калды. (Ак көңүл, эмоцианалдуу). Дүйнөлүк практикадан алсак, саясатта 70-80 курактагылар бышып жетилип, мамлекет башкарып аткандарын көрүп атабыз. Аларга салыштырмалуу каарманыбыздын келечеги, аша турган ашуулары али алдыда. “Түсү ийгиден түңүлбө” дейт. Эң башкысы, сөзүнө бекем туруп, туруктуулук сапатынан тайбаса, эрктүүлүгүн көрсөтсө, эл үчүн дагы ондогон жылдар бою кызмат кылары шексиз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер