Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат ажы муфтий болсо, диний кырдаал жумшарабы?

Максат ажы муфтий болсо, диний кырдаал жумшарабы?

17-ноябрь, 21:50
1 041 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында дин аалымдары, ишмерлери менен мамлекеттик деңгээлдеги жыйын өттү. Учкай пикирлерин уктук. А жыйынтыгычы? Көз караштары дал келбеген, бири-бирине баш ийбеген молдокелер ыраатка салынгандай нукка түшүштүбү? Ал жагын көрө алган жокпуз. Кайрадан эле интернет айдыңында түшүнбөстүктөр, талаш-тартыштар уланууда. Муфтий Абдулазиз Закиров конкреттүү багытын көрсөтө албады. 

Соңку убактарда өлкөдөгү диний кырдаал чыңалып, ар кандай радикалдуу агымдар күчөп баратабы? Эксперттер, талдоочулар арасында өз ара айтылып, чындык жогору жакка жетпей жаткандай. Муфтиятта, аалымдар кеңешинде, мамлекеттик дин комиссиясында кимдер отурат, алардын кадыр-барктары канчалык? Керек болсо аты-жөндөрү да белгисиз, коомчулуктун иши жок. Аныгында, диний багытта элди ээрчитип кете турган Максат ажы Токтомушевдин аброю жогору экени талашсыз. Мындай шартта аны муфтий кылып, мамлекеттин келечеги үчүн пайдаланышса болбойбу? Реалдуу картинаны көрө билишибиз керек. Ооба, Максат ажынын айрым сөздөрү кыргыздын салт-санаасына, үрп-адаттарына каршы келет. Бирок ал адам да, аны менен масилеттешип, келечекке карай план түзүп, улуттук идеологиянын негизинде, салттуу динибизди калыптандырууда пайдалансак не? Аныгында, кандай гана диний агымга сугарылган пенде болбосун, улуттук кызыкчылыктарга жана мамлекеттин мыйзамдарына муюп берет эмеспи. Анүчүн тил табышуу, өз ара сүйлөшүү жолдору аркылуу муфтийликке Максат ажы Токтомушев дайындалса, чаташкан чыйырды алдын алуу менен кооптуулукту жараткан агымдар түздөлөт беле? Ой калчап көргүлө, биз коңгуроо кактык...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер