Эмне үчүн спикер Жумабековдон абройлуу адамдар кача башташты?
Аз күн мурун Дастан Жумабеков “Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Рейтинги жагынан эң төмөн саясатчыга айланган спикердин мындай пикиринен улам, “Кыргызстанга” кире турган абройлуу, акчалуу адамдар кылчакташып, айрымдары качып кетишиптир. Себеби, Дастан Жумабеков кирген партиянын башка талапкерлери кандай кыйын болушпасын, миллиондорду чачышса да көпчүлүк катмары тескери бурулушары, шайлоочулар акчаларын кагып алышып, каалаган саясый күчтөрдү колдоп кетишери каңкууланды. Эмне үчүн? Көрсө, Дастан Жумабеков спикерлик креслого мингенден бери “күн карамалыгы”, байма-бай тилинен жаңылган сабатсыздыгы менен калың катмарды иренжитип бүтүптүр! Натыйжада, бул эргулду “кыргызстанчылар” катардан кубалап чыкмайынча абал чатак го?..
Aryba.kg