Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Кыргызстанда бир адамдын жашоо минимуму орточо 9 900 сомго жакын...
Кыргызстанда бир адамдын жашоо минимуму орточо 9 900 сомго жакын...
10-август, 23:59

2026-жылдын апрель–июнь айларында Кыргызстанда бир адамдын жашоо минимуму орточо 9 900 сомго жакын болду. Бул тууралуу Статком билдирди.
Сумманын:
6 400 сому — азык-түлүккө;
1 600 сому — кийим-кече жана башка керектүү товарларга;
1 700 сому — кызмат көрсөтүүлөргө;
200 сомго жакыны — салыктарга эсептелген.
Бул орточо көрсөткүч. Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан 1 200 сомго жогору. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн 1 200–1 500 сомго төмөн.











