Шаар башчысы Айбек Жунушалиев гезит базарды жаап тынабы?


Ордо калаа жетекчисинин жасабаган иштерине караганда, жасай турган иштери чачтан көп экенин билебиз. Мурунку жылдарга караганда, салыштырмалуу түрдө көрктөндүрүү жагына көптөгөн жумуштарды илгерилетип койду. “Таза шаар” маселесинде алгылыктуу демилгелер аткарылууда. Чет-четинен иретке келип атканын байкап атабыз. Көйгөй жараткан транспорт тыгыны боюнча колунан келген жумушту тынымсыз изденүү менен алек. Көчөлөр кеңейтилип, асфальт төшөлүп, күнү-түнү иштеп атышат. Коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү тейлөө жагы жакшыргандан жакшырып атканын байкап келебиз.
Аныгында, олуттуу маселеге токтололу. “Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста” деген кыргыздын жакшы сөзү бар эмеспи. Бекеринен айтылбаган чыгар. Бишкек шаарынын мэри Айбек мырза түздөн-түз “гезит базарды жаап салгыла!” деп эч кимге, анын ичинде тийешелүү кызматтарга айтпагандыр, буйрук бербесе керек. Аз күн мурун республика боюнча жападан-жалгыз гезит базарга Бишкек мэриясына караштуу УКЗ (жерди көзөмөлдөө башкармалыгы) адистери келишип, “демонтаж кылабыз” дешкенде, ал жердегилер аргасыздан “жылдын аягына чейин коё тургула” деп суранышыптыр. Ага карабастан “октябрь айынын аягында алабыз, бизге ушундай тапшырма берилди” дешет. Кандай өкүнүчтүү?..
Урматтуу Айбек Жанышбекович, өзүңүз абдан жакшы билесиз, ЖМК аркылуу сиздин шаар үчүн жасап жаткан жигердүү иштериңиз ошол эле журналисттер аркылуу коомчулукка таркайт. Мейли телевидение, радио, айталы, гезит бетинде болсун, алар мезгил-мезгили менен жарыяланып турат. Атүгүл баардык өнүккөн өлкөлөрдө гезит саткан күркөлөр киши көп баскан көчө бойлорунда жайгашкан. Интернеттин заманы болгонуна карабастан гезит-журналдардын өз окурмандары бар. Жадагалса өлкө башчынын жарлыктары, мыйзамдары, чечимдери гезит бетине жарыяланмайынча күчүнө кирбейт.
Андыктан, гезит базарын жаап салуу, жок кылуу сиздин аброюңузду көтөрбөйт. Тескерисинче, ал жерде иштеп аткандарга шарт түзүп, болушунча кызматташуу жагын караштырыңыз. Келечек үчүн бул кадам орчундуу эмеспи.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











