Ласло Краснахоркаи, венгер жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты: “Мен да аракеч болчумун, бирок кийин таштадым”


-- Келиңиз, сиз кантип жазуучу болуп калганыңыз тууралуу сүйлөшөлү?
-- Мен жазуучу деле болгум келген эмес. Бир гана китеп жазып, андан кийин башка иш кылам, музыка жаратам деп ойлогом. Эң кедей адамдар менен жашаган – бул чыныгы жашоо деп эсептечүмүн. Ошондуктан, абдан жарды айылдарда жашадым, өтө начар жумуштарда иштедим. Милдеттүү аскердик кызматтан качып, үч-төрт ай сайын орун которчумун.
-- Эмне иш кылдыңыз?
-- Бир аз убакыт шахтёр болуп иштедим. Андан кийин Будапешттен алыс жайгашкан айылдардагы ар кандай коомдук борборлордун директору болдум. Ар бир айылда адамдар классикалык чыгармаларды окуй турган коомдук борборлор болор эле. Китепкана алардын күнүмдүк жашоосундагы жападан-жалгыз нерсе болчу. Ал эми жума же ишемби күндөрү коомдук борбордун директору жаштар үчүн абдан пайдалуу болгон музыкалык кече же ушул сыяктуу иш-чараларды уюштурчу. Мен чакан айылдардагы алты клубдун директору элем, башкача айтканда, алардын ортосунда тынымсыз саякаттап эле жүрчүмүн. Бул жыргал жумуш эле!
Андан соң үч жүз уйга түнкү кароолчу болуп иштедим. Бул да мен эң жакшы көргөн жумуш эле – нейтралдуу аймактагы сарай. Жакын жерде бир да айыл, шаарча же конуш жок. Жарды жашоо. Бир чөнтөгүмдө “Вулкандын этегинде”, экинчисинде Достоевский. Венгер адабиятында “чыныгы генийлер дайыма мас болуп жүрүшү керек” деген салт бар болчу. Мен да аракеч болчумун. Бирок, бир күнү мен венгер жазуучуларынын тобу менен сүйлөшүп отурсам, алар да ар бир венгер генийи аракеч болуп кетерин, мындан башка жол жок экенин кейип-кепчип айтышты. Мен бул пикирге макул болбой, он эки бөтөлкө шампанга мелдештим да, “ичикиликти экинчи оозума албайм” дедим.
-- Ошо бойдон ичпей койдуңузбу?
-- Ичпей койдум. Ошол кездеги жазуучулардын арасында Петр Хайночи деген бир калемгер бар эле. Ал тирүү легенда жана Малкольм Лоури сыяктуу эле жеткен аракеч болчу. Анын өлүмү венгер адабияты үчүн чоң жоготуу болду. Ал өтө жаш, менимче, кырк жашында кетти. Анын турмушу да меникине окшош эле: авантюрист, жашоосу дайыма эки шаардын ортосунда, темир жол станцияларында жана түнкү барларда өтчү. Мен да адамдарга байкоо салып, кепке тартып, акырындык менен мээмде китеп жаза баштадым.
Мен адабият руханий чөйрө экенине, кайсы бир жерде Хайночи, Янош Пилински, Шандор Верес жана башка көптөгөн сонун акындар жашап, жазып жатышканын билчүмүн. Проза ал кезде анчалык күчтүү эмес эле. Биз поэзияны жакшы көрчүбүз, анткени, ал кызыктуу да, сырдуу сезилчү. Проза чындыкка өтө жакын болчу. Реалдуу жашоону түзмө-түз жеткирген адам прозадагы гений саналчу. Ошондон улам Жигмонд Морица сыяктуу венгер жазуучулары кыска сүйлөмдөр менен жазышкан. Бирок, менин жалгыз сүйүктүү жазуучум Дьюла Круди эмес. Ал керемет жазуучу! Бою эки метр келген, алп денелүү, жеткен Дон жуан киши болчу. Ал ушунчалык сүйкүмдүү болгондуктан, эч ким ага туруштук бере алчу эмес...
Ал бөлөк прозаиктерден айырмаланып, сүйлөмдөрдү башкача колдончу. Жашоого меланхолиялык, эч кандай иллюзиясы жок көз караш менен караган, абдан күчтүү, бирок күчү таптакыр колдонууга мүмкүн эмес киши болчу. Бирок, Круди мен үчүн адабий идеал эмес эле. Круди бир нерсе жазууну чечкенде мага кандайдыр бир күч берген инсан, легенда гана болду. Менин дагы бир уламышым Янош Пилински болду. Адабий мааниде алганда, тили, сүйлөө манерасы менен Пилинский мен үчүн алда канча маанилүү.
-- Жакшы котормолор көп беле?
-- Жетимишинчи жылдары бизде Батыш адабияты аябай көп болгон. Уильям Фолкнер, Франц Кафка, Рильке, Артур Миллер, Джозеф Хеллер, Марсель Пруст, Сэмюэл Беккет – дээрлик ар жума сайын жаңы шедеврлер пайда болуп турчу. Коммунисттик режим учурунда өз чыгармаларын жарыялай албагандыктан, эң мыкты жазуучулар жана акындар котормочулук калышкан. Ошондуктан бизде Шекспирдин, Дантенин, Гомердин жана Фолкнерден баштап баардык улуу америкалык жазуучулардын сонун котормолору чыккан.
-- А Достоевскийчи?
-- Достоевский мен үчүн абдан маанилүү ролду ойноду – стили же окуялары үчүн эмес, каармандары менен. “Ак түндөрдүн” каарманы эсиңиздеби? Башкы кейипкер “Көк мээ” романындагы Мышкинге бир аз окшоп кетет. Мен бул каармандын, кийинчерээк Мышкиндин фанатикалык күйөрманы болчумун. Мышкин – периштедей образ.
-- Өзүңүздүн стилиңизди кантип тапкансыз?
-- Мен үчүн стилди табуу эч качан кыйын болбоду, мен аны издеген да эмесмин. Мен жалгыз жашачумун. Досторум менен монолог аркылуу гана сүйлөшчүбүз. Бир күн же бир түн мен сүйлөчүмүн. Эртеси күнү же түнү ал сүйлөчү. Бирок, диалог ар бир жолу ар башка болор эле. Анткени, биз бири-бирибизге абдан маанилүү бир нерсе айткыбыз келчү. Эгер сиз абдан маанилүү бир нерсе айтып, өнөктөшүңүздү ынандыргыңыз келсе, сизге мезгил эмес, ритм, темп жана обон керек. Бул аң-сезимдүү тандоо эмес, ал башка адамды ынандыруу каалосунан улам келип чыгат.
-- Бул тандоо Пруст же Беккет сыяктуу башка стилдер менен байланыштуубу?
-- Балким, өспүрүм кезимде болсо болгондур, бирок мен алардын тилине, же стилдерине караганда, жашоосун көбүрөөк туурачумун. Менин Кафкага мамилем өзгөчө, анткени, мен аны абдан эрте окуй баштадым. Ушунчалык эрте окугандыктан, айталы, "Сепил" эмне жөнүндө экенин түшүнгөн эмесмин. Өтө жаш элем да. Менин улуу агам бар эле, мен ага окшошкум келчү, ошондуктан анын китептерин уурдап алып окучумун. Кафка менин биринчи жазуучум – мен түшүнө албаган, бирок ошол эле учурда мен адам катары ойлогон жазуучум болду. Он эки же он үч жашымда менин эң жакшы көргөн китептеримдин бири – бул Густав Януштун “Кафка менен сүйлөшүүсү” болду. Ал китеп аркылуу менин Кафкага болгон сүйүү каналым ачылды. Ошондуктан, мен да юриспруденцияны окудум, балким, Кафкадай болуш үчүндүр. Атам аябай таңкалды. Ал менин юридикалык окуу жайында окушумду каалачу, бирок мен искусствого, адабиятка, музыкага, сүрөткө, философияга кызыкканыман улам бир күнү таштап кетет го деп ойлочу. Бирок, мен юриспруденцияны тандадым, анткени, кылмыш психологиясын изилдегим келген. Ал кезде, жетимишинчи жылдардын башында бул Венгрияда тыюу салынган илим эле. Ал батыштык илим болчу, ошондуктан шектүү эле. Бирок, менимче, негизги себеп Кафка болду окшойт. Айткандай эле үч жумадан кийин мен бул атмосферага чыдай албай, кетип калдым. Юридикалык окуу жайынан гана эмес, шаардын өзүнөн да кеттим.
-- Ал кайсы шаар эле?
-- Сегед деген шаар. Аскердик кызмат системасынан улам кетүү оңой эмес болчу. Эгер кетсем, кайра аскерге чакырылышым керек эле. Аскердик кызмат адатта эки жылга созулчу, бирок университетти бүтүргөндөр бир жыл гана кызмат өтөшчү. Бирок, эгер окууну таштап койсоңуз, экинчи жылга кайтып келишиңиз керек болчу. Ошентип, мен окууну таштап, бир аз убакыт Будапештте дин жана филология боюнча билим алдым. Грек жана латын тилдерин үйрөнүүнү уланттым, бирок экзамендер аябай кыйын болгондуктан, университетте дээрлик окуган жокмун. Төрт жылдан кийин балам төрөлдү. Аскердик кызмат көйгөйү ошентип чечилди, анткени, эгер эки балалуу болсоңуз, бул коркунучтуу милдеттен бошотулчусуз.
Аскердик кызмат мен үчүн дээрлик өлүмгө тете болду. Бир жыл бою бир да жолу лагерден чыккан жокмун. Мен баатыр же пацифист эмесмин, бирок эгер куралчан күзөттө турсаңыз, ал жерде эч нерсе кылбашыңыз керек. Кээде бир офицер текшерип келип калат, а мен болсо Кафканы окуп жатканда кыялга батып, башка эч нерсени ойлочу эмесмин. Ошондуктан, такай жазага кириптер болуп, лагердин түрмөсүнө камалчумун. Түрмө өтө деле коркунучтуу эмес болчу, бирок камалгандарга лагерден чыгууга уруксат берилчү эмес.
-- Жазуу процессиңиз кандай?
-- Мен столумда отуруп, ноутбугумду карап, идея күтпөйм, тескерисинче, жазуу менин жумушум деп ойлоп, мээм менен иштейм. Жаңыдан жаза баштаганда абдан оор шарттарда жашадым: столум жок эле, эч качан жалгыз болгон эмесмин. Ошондуктан, сүйлөмдү мээмде баштоого көнүп калгам, эгер ал кызыктуу болсо, ал кандайдыр бир жыйынтыкка жетмейинче толуктап, кошо берчүмүн. Ошондон кийин мен аны кагазга жазып алчумун. Эч күтүлбөгөн жерлерде, эң күтүлбөгөн учурларда мен азыр да ошентем, башкача айтканда, мен дайыма жумуш үстүндө болом. Жазганды болсо эң аягында жазам. Жазылган текстти кайра карап оңдобойм, анткени, аны баары мээмде бышкан.
-- Классикалык чыгармалардан башка эмнелерди окуйсуз?
-- Мен Кафканы окубаганда Кафка жөнүндө ойлоном. Кафканы ойлобогондо ал жөнүндө ойлогонду сагынам. Эгер Кафка жөнүндө бир топ убакыттан бери ойлонуп жүрсөм, анын китебин алып чыгып, кайра окуйм. Гомер, Данте, Достоевский, Пруст, Эзра Паунд, Беккет, Томас Бернхард, Аттила Йожеф, Шандор Веореш жана Пилински деле ушундай.
(Интернет булактардан которулду)











