Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » В.Путин: "Европа энергоресурстар кымбат болгон аймакка айланат"

В.Путин: "Европа энергоресурстар кымбат болгон аймакка айланат"

18-май, 11:30
578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Европалык союз россиялык энергоресурстардан баш тартып, экономикалык аутодаф кылып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин мунай тармагындагы абал боюнча кеңешмеде айтканын РИА Новости жазды.

“Бүгүн саясый түс берилген себептерден, керт баштын амбициясы жана америкалыктардын басымынан улам Европа өлкөлөрү нефть жана газ рыногунда улам жаңы санкцияларды киргизип жатат. Мунун баары инфляцияга алып келет, катасын моюнга алгандын ордуна алар күнөөлүүлөрдү чет жактан издеп жатат” деген Путин. Россия президенти Европа кийинчерээк энергоресурстар абдан кымбат болгон аймакка айланарын айтты. 

Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Россияга бир катар санкцияларды салган. ЕБ өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. ЕБдин санкцияларынын алтынчы пакети мунай эмбаргосун камтыган, бирок бир катар мамлекеттер, тагыраагы, Венгрия анын кабыл алынышына макул эмес.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер