Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карылдап баштайт. “Омикрон” илдетинин алгачкы симптомдору

Карылдап баштайт. “Омикрон” илдетинин алгачкы симптомдору

12-январь, 19:27
1 543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустун “омикрон” штаммы менен ооруган бейтаптарда көбүнчө пайда болгон биринчи симптом — бул эч кандай себепсиз карылдаган үн. Бул тууралуу Reporter.kg′ге саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси Султан Суранбаев билдирген.

Экинчи стадиясында ангина болуп, мурундун бүтүшү пайда болот. Көптөгөн бейтаптар белинин оорушун, дене бойдун ооруксунушун, башы ооруп, тез эле чарчап калуусун айтып, даттанышат. Ошондой эле түн ичинде тердей беришет.

«Омикрондо адатта 38 градуска чейин дене табы көтөрүлөт. Бирок, ал узакка созулат. Omicron coronavirus штаммы катуу респиратордук оорулардын классына кирет. Симптомдору 3-5 күндө эле пайда болот. Жалпысынан алганда, оору сасык тумоо сыяктуу өтөт. Бул оору иммунитети начар адамдар үчүн коркунучтуу. Рак, жүрөк өнөкөт оорусу, өпкө, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети жана башка оорулар менен ооругандар үчүн бул оору оор болушу мүмкүн» деди Султан Суранбаев.

Ал кошумчалагандай, омикрон штаммы башка коронавирустарга караганда жети эсе тезирээк жайылып жатат.

«Көптөгөн бейтаптарда оору жеңилирээк өтөт, бирок жаңы штаммдын коркунучу тез жугат. Эгерде өтө тездик менен жайыла турган болсо, саламаттык сактоо системасы үлгүрбөй калышы мүмкүн. Бирок, саламаттык сактоо мекемелери оорунун көбөйүшүнө даярдык көрүүгө жетишти. Ноябрь-декабрь айларында көбөйөт деп күткөнбүз» деп кошумчалады адис.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер