Замир Жоошев: “Сооронбай Жээнбековдун иштерине укуктук баа берилиши зарыл”

Абактагы Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин бул маегине бийлик, күч органдары көңүл бурушу керек. Себеби, өтө маанилүү жагдайларды ачыктоо менен Сооронбай Жээнбековду оор кылмыштарга шектүү катары көрсөттү. Эмесе, кандай реакция болорун күтөбүз!
-- Алмазбек Атамбаевдин абалы кандай? Ал дарылануу үчүн камактан чыгабы?
-- Бүгүнкү күндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар. №47 колониядагы дарыгерлер сотко жиберип жаткан маалымкаттарга ылайык, Атамбаев кан бысымынын төмөндүгүнө, жүрөгүнө, омурткасындагы эки грыжага жана башка ооруларга байланыштуу соттук отурумдарга келип катыша албайт.
Ал дарылануу үчүн, албетте, эркиндикке чыгуусу керек. Алмазбек Атамбаев эркиндикке бошотулушунун башкы себеби – бул мыйзамдын талабы. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнөн алсак, айыпталуучу соттук териштирүү учурунда бир жылдан ашык мөөнөттүн аралыгында абакта кармалбашы керек. Буга түздөн-түз тыюу салынган. Алмазбек Атамбаев болсо кримтөбөл Азиз Батукаевдин колониядан бошотулуу фактысы боюнча козголгон иштин алкагында 1 жыл 4 айдан ашуун убакыттан бери негизсиз абакта отурат.
Жазык-процессуалдык кодекстин 11-беренесине ылайык, айыпталуучуну тергөө абагында кармоо анын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирбеген шарттарда ишке ашырылышы зарыл. Ал эми Алмазбек Атамбаевди бир жылдан ашык убакыттын аралыгында толук кандуу дарылануу жолу менен ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөгөн шартта абакта кармай берүү сөзсүз түрдө ал кишинин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурат. Бул да болсо Атамбаев сот тарабынан эркиндикке чыгарылуусуна дагы бир негиз.
-- Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестигин алуугаэмне себептер бар? Эгер ал “экс” макамын алып жүрүүгө укугужок болсо, эмне үчүн азыркы бийлик реакция кылбайт?
-- Негизи Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамы берилбеши керек эле. Себеби, ал киши толук 6 жыл өлкөнү башкарган жок. Мөөнөтүнөн мурда кызматын таштап кетти. Үч жыл ичинде саясый куугунтуктар менен алек болуп, өлкө жана эл үчүн бир көрүнүктүү жумуш жасаган жок. Мындан сырткары, төмөнкү фактылар боюнча тергөө органдары тарабынан С.Жээнбековдун иш аракеттерине укуктук баа берилүүсү зарыл:
1. 2017-жылкы президенттик шайлоо өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу. 2018-жылы коомчулукка тарап, бирок прокуратура жана тергөө органдары тарабынан объективдүү текшерилбеген маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбековдун штабы БШКга расмий түрдө билдирген каражаттан, атап айтканда, 158 млн. 096 миң 175 сомдон көп сумма иштеткен. Маалыматка ылайык, Жээнбековдун штабы чынында шайлоого 1 миллиард 170 млн. 265 миң 187 сом жана 6 млн. 855 миң 700 АКШ долларын жумшаган;
2. Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу иштин алкагында 8 киши «Коррупция» беренеси боюнча айыптуу катары табылып, соттолгон. Бул иште мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу катары “ЖЭБди модернизациялоодо коррупция орун алган эмес” деп айта алам. Ал эми «аттиш (плоскогубцы) 600 АКШ долларына сатылып алынган» деген маалымат чындыкка дал келбеген, коомчулукту ишендирүүгө багытталган миф болгон. Мисалы, парламентте да, сотто да прокурорлор тарабынан күбө катары чакырылган ЖЭБдин директору Андрей Воропаев «аттиш 600 долларга сатылып алынган эмес, бул чындыкка дал келбеген маалымат» деген көрсөтмө берген. Мындан сырткары, бухгалтердик документтерге ылайык, аттиштин баасы 600 доллар болбогондугу далилденген.
Сооронбай Жээнбеков ЖЭБдин модернизациялоонун натыйжасын өткөрүү, кабыл алуу учурунда премьер-министр болчу. Ошондуктан эгер коррупция орун алган болсо, анда сөзсүз С.Жээнбековдун коррупцияга катышы текшерилиши керек.
3. 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылына террористтерди, экстремисттерди колго түшүрүү, ликвидациялоо максатында иш жүргүзгөн УКМКнын “Альфа” кызматкерлери куралчан барып элди аткылап, ур-тепкиге алып, жүздөгөн жарандардын ден соолугуна оор жаракаттарды келтиришкен. Бул иш-чаралар ошол кездеги президенттин макулдугусуз жасалмак эмес. Ушул себептен ошол кездеги УКМК, ИИМ башчыларынын катарында Сооронбай Жээнбековдун ролу да башкы прокуратура тарабынан текшерилүүгө тийиш.
4. 2020-жылдын жай мезгилинде, пандемия күчөгөн учурда өлкөбүздө керектүү дары-дармектердин жетишпестиги орун алып, медициналык мекемелер, кызматкерлер пандемияга даяр эмес болуп жана башка өкмөттүн шалаакылыгын көрсөткөн жагдайлардан улам көптөгөн жарандар дүйнө салышты. Бул маселе боюнча да ошол кездеги мамлекет башчынын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берилүүсү абдан маанилүү.
-- Акыркы кездери сотторго карата кылмыш иштери козголо баштаганын көрүп атабыз. Муну менен сот системасындагы өзгөрүүлөргө жол ачылдыбы же?..
-- Азыр судьяларга карата бир нече кылмыш иштер козголуп, аларды жоопко тартуу аракетин байкап жатабыз. Бирок бул “система өзгөрөт” дегенди билдирбейт. Бул жөнүндө бир жыл өткөн соң кеп кылсак туура болот. Тандалма күрөш жүрөбү, же күнөөлүүлөрдүн баарын бирдей жоопкерчиликке тартуу болобу, аны убакыттын өтүшү менен талдай алабыз. Буга чейинки бийликтин тушунда деле сотторду жоопко тартуу болгон. Бирок, алар натыйжа берген эмес. Система өзгөрүш үчүн Жогорку соттон тарта ылдый көздөй жалпы текшерип, массалык жоопко тартуу болушу абзел. Ошону менен сот органдарынын курамы жалпылай алмашышы керек. Бул система өзгөрүш үчүн паракор соттор менен чогуу иштешип жүргөн прокурор, тергөөчүлөр дагы жоопко тартылышы зарыл. Жалпы жаңылануу болгондо гана сот системасында өзгөрүү жүрөт.
-- Октябрь окуялары тууралуу саясатчылар ар түрдүү маалыматтарды тарката башташты. Атамбаев митингге чыккандан кийин провокация болгону да айтылууда. Ал ким тарабынан жана эмне үчүн уюшулганынан кабарыңыз барбы?
-- 5-6-октябрь боюнча алсак, канча деген адамдар майып болуп, каза болгондор да бар. Ошол кезде күч органдары чындыгында эски сценарий боюнча иш жүргүзүштү. Алар алдын ала даярдалган адамдар аркылуу провокация уюштуруп, анан провокаторлордун шылтоосу менен тынч митингге чыккан элге карата мыйзамсыз түрдө куралдуу күчтөрдү колдонушту. Бул иш-чаралар ИИМдин, УКМКнын башчылары тарабынан Сооронбай Жээнбековдун макулдугу менен ишке ашырылган (!) деп эсептейм. Муну тергөө органдары иликтеп, так аныкташы керек.
--Ал эми 9-октябрга токтолсок, ал жерде массалык башаламандык орун алды. Экс-президент Атамбаевдин унаасына карата ок атылды. Бир нече жарандын ден соолугу ар кандай деңгээлде жабыркады. Бул оор кылмыштар кимдир бирөө тарабынан уюштурулган.Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Өмүрбек Текебаевдин жана Өмүрбек Бабановдун интервьюларында экөө тең Сооронбай Жээнбеков менен 9-октябрда Ала-Тоо аянтында орун алган окуялардан кийин жолукканы айтылууда. Жолугуу учурунда жеке Сооронбай Жээнбеков өзү алардын ар бирине «9-октябрь күнү аянттагы адамдардын жарымынан көбү менин адамдарым болчу» деп айтканын кабарлашкан. Өмүрбек Бабанов С.Жээнбековдун адамдары эки тарапты (Садыр Жапаровдун тарапташтары менен тынч митингдин катышуучуларын) кагылыштырып, кан төгүп, анан куралдуу күчтөрдү аянтка тартып, алар аркылуу тынчтык орнотуп, баатыр болуп чыга калуу максатында жасалган деген ойлорун билдирген. Бул маалыматтардын баары тергөөчүлөр тарабынан дыкат иликтениши зарыл.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити