Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келинчегимдин үстөмдүгүнөн тажап, жашоомду кайра нөлдөн баштап жатам

Келинчегимдин үстөмдүгүнөн тажап, жашоомду кайра нөлдөн баштап жатам

15-декабрь, 17:18
4 458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам баласына сыноо мезгил-мезгили менен берилип турат окшобойбу. Жаштайымдан жетимдиктин зарын тартып чоңойдум. Атам эрте эле каза болуп калгандыктан, апам иним, карындашым үчөөбүздү итче тиштеп жүрүп бакты. Билим берди, окутту-чокутту. Калганын өзүбүз жасап кетүүгө аргасыз болдук. Атамдын үйүндө кичүү иним калды.

Мен Бишкекке келип, тери заводунда иштеп жүрүп, келинчегим менен таанышып калып баш коштук. Кайнатам бизге караганда жакшы турган, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп пенсияга чыккан киши экен. Келинчегим үйдүн жалгыз кызы болгондуктан, эч нерседен кем кылбай каралашып турчу. Экөөбүз үйлөнгөндө белек кылып Бишкектин четинен жер тилкесин берген. Атам жок жетим өскөн мендей байкушка бул чоң белек болду, билек түрүп иштеп, кайнатам жардам берем десе болбой намыстанып өзүм үй салдым. Эки кыздуу болдук. 

Турмушубуз жакшы эле өтүп жаткан. Бара-бара келинчегим үстөмөндөп сүйлөп, “атам жардам бербесе эч нерсең жок болмок, атам минтип, атам антип” деп эле мени басмырлаган адат тапты. Кийинчерээк мен мындай басынтууга чыдай албай кеткенде уруша баштадык. Ошентип “сенин апаң эч нерсе алып келген эмес” деп бир туугандарыма, апама чейин асылып жатып, акыры ажырашууга чейин жеттик. Жерди кайнатам келинчегиме жаздырып берген. Үй салганда деле арам оюм жок келинчегиме жаздыргам. Ажырашканда ошончо жыл салган үйүмө ээ боло албай кала бердим. Кыздарга алимент жаздыртышты. Ушунча жыл убактымды ошол үй салганга, мени түшүнбөгөн келинчегиме коротпой, өз алдымча үй салсам болмок экен. Кыздарыма барып турам, азыр жашоомду кайрадан нөлдөн баштап жатам...

“Фабула кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер