Ташиевдин тазалануу саясатына Токтоналиев менен Тюкебаев “кашаңдыгын” көрсөттү
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайсы райондон, шаардан сойкуканалар табылса, тийешелүү жетекчилер кызматтан кетерин айтып, жоопкерчиликке тартыларын эскерткен. Тилекке каршы, ыплас жайлар тыйылбай эле тымызын өркүндөп атыптыр. Аз күн мурун Биринчи Май районунан жеңил ойлуу кыздардын очогу табылганы маалымдалды.
Натыйжада, аталган райондун акими менен №8 милиция бөлүмүнүн башчысы кызматтарынан кетишти. Кандайча? Бул жерден дыкат талдоо керек. А эмне үчүн Бишкек ШИИБ башчысы Азамат Токтоналиев, Биринчи Май РИИБ начальниги Тилек Тюкебаевдер козголушкан жок? Шаардагы, райондогу сойкуканаларга, дээрлик кылмыштуулукка ушул экөө жооп бериш керек эле. Булардын кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан терс көрүнүштөр кайталанып жатпайбы! Адилеттүүлүк, калыстык кайда? “Балык башынан сасыйт” дейт. Анын сыңарындай, ишин жөндөй албаган Азамат Токтоналиевди Бишкек ШИИБ башчылыгынан айдап иймейинче, алдыга жылыш деле болбойт. Себеби, бул кадр ээлеп отурган ордуна татыксыз. Кызматка келгенине төрт ай болсо да, эч кандай натыйжа көрсөткөн жок. Тескерисинче, кол астындагы кызматкерлери УКМК тарабынан улам-улам кармалууда. Бул эргулдун өзүнүн жайына келсек, убагында коррупцияга айыпталып, эки ирет жумуштан кеткенби? “Дөө Чыңгызды” калкалап, ошого катар Дача-СУга кулаган учактан кымбат баалуу мүлктөрдү тоноп алганбы? Дал ушул иштер боюнча кызматтан айдалганын кайда жашырабыз? (Убакыттын өтүп кеткенине жараша, биз атайын суроо салып кайрылуудабыз).
Аныгында, Бишкек ШИИБ начальниги Токтоналиевдин орун басарлары да ойдогудай эмес, өз милдеттерин аткара алышпай аксап жатышат. Ошого катар борбордогу башка РИИБ башчылары да “эшегине жараша тушагы” дегендей. Жогоруда сөз кылган Тилек Тюкебаевдин кебетесин көрүп эле түңүлө берсеңер болот да, туурабы? Калгандары деле ушул сыяктуу жүдөмүштөр...
Кайран гана кыргыз милициясы, татыксыз кадрлардын айынан кыйрап бараткандай... Бир эсе Камчыбек Ташиевдин талаптарын, тазалануу саясатын аткара алышпай, ошол эле кезде Токтоналиев, Тюкебаевге окшогондор кызматтарынан да кетип калышпай, текей терип отурушабы?