“Элибиздин 90 пайызы жакырчылыкка батып кеткен жок, өнүгүп эле атабыз”


-- Депутат Султанбай Айжигитов элибиздин 90 пайызы жакырчылыкка батып кеткенин айтып, статистиканы кароого чакырды. Азырынча бийликти сындаган оппозиция деле жок, ошондо өнүгүүгө эмне тоскоолдук болууда?

Исмаил Исаков, коомдук ишмер:
-- Жакырчылыкка батпаш үчүн жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн, жашоо-турмушту жакшыртууга багытталган иштерди комплекстүү түрдө алып баруу менен бирге баалар көтөрүлгөн сайын пенсия, пособие жана айлык акылар өкмөт тарабынан индексация кылынып туруш керек эле. Өзүбүздүн заманбап ишканаларды ачуу менен элибизге жумуш ордун камсыз кылуу, эл аралык атаандаштыкка туруштук бере турган атамекендик товарларды чыгарып, аларды сыртка сатуу жактарына багыт алсак болмок. Андан сырткары, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы кезде мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында экономикалык абалды так иликтеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бербеген кемчиликтерди, тоскоолдуктарды аныктап, биз мүчө болгон эл аралык уюмдардын эрежелериндеги тосмолорду оңдоо боюнча мөөнөттөрү так жазылган, каражаттары туура белгиленген, жоопкерчиликтери аныкталган программаларын жазып чыгып, аны коомчулукка жарыялап, аягында натыйжалуу аткарылышын же аткарылбай калган себептерин айтып, иштеш керек болчу. Мына ушуларды депутат Султанбай Айжигитов айтып атса керек.

Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Султанбай Айжигитов парламентте анда-санда ушундай нерселерди сүйлөп коймою бар. Эл өкүлү болуп шайланганга чейин бийлик тарапта болуп жүргөн адам. Жеке менин пикиримде, эч качан конструктивдүү оппозиционер болгон эмес. “Элибиздин 90 пайызы жакырчылыкка батып кетти” дегени туура эмес. Шүгүр дейли, өнүгүп атабыз. Кыргыздар өз оокатын кылганды үйрөндү. Мамлекеттин эле көзүн карап калган жок. Өз алдыларынча деле тырмалаңдап атышат. Ошол эле учурда акыркы жылдары өкмөт болушунча баардык аракетин кылууда. Азыр бош жүргөн кишини көрбөйсүң. Мейли айылда, же шаарда болсун, жумуш менен алек. Алдыга өнүгүүгө тоскоолдук жараткан жагдайды көрбөй атам. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, элибиздин экономикасы, социалдык турмушу тийешелүү нукка түшсө керек.

Улан Качибеков, коомдук ишмер:
-- Буга бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Мамлекеттин өнүгүүсү баардык тармактардын алдыга жылуусунун жыйынтыгында гана жүрөт. Ар бир коктудан агып келген суу бир нукка кошулганда дарыя болуп, андан ары океанга куюлгандай кеп. Бул эми жөнөкөй, оюма келген образдуу салыштырма. Мисалы, адам баласы бышып жетилип, инсан катары калыптанганга чейин канча түйшүктү башынан өткөрөт? Анын сыңарындай, ар бир өндүрүш, анын ичинде завод же фабрика да бир нечелеген этапты басып өтөт эмеспи. Айыл чарба деп жалпысынан айтканыбыз менен ал жерде да толгон-токой өндүрүш бар. Квалификациялуу кадрлардан баштап дегеним. Ошондуктан, кыскача жооп берип, “бизде баары сонун, тез аранын ичинде өнүгүп кетебиз” деген жөн эле пиар! Эгемендүүлүк алгандан бери 33 жылдын ичинде бизде болгон, жакшы эле иштеп жаткан өндүрүштүн баарын чаржайыт кылып салдык, көбүн түп-орду менен талкаладык, жылан сыйпагандай эле. Ошолордун баары топтолуп, мүмкүн Султанбай Айжигитов айткан акыбалына келдик, такалдык. Көйгөй жок эмес. Алардын баары тереңдеп, татаалданып баратат. Кыялданып отура берүүнүн кажети жок. Комплекстүү жагдайда чечиш керек деп ойлойм.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











