Акыркы кабарлар
» Саясат » Беш маал намаз окуса да Сокенин ички дүйнөсү агарбай, чүнчүп калыптыр
Беш маал намаз окуса да Сокенин ички дүйнөсү агарбай, чүнчүп калыптыр
28-июль, 09:00

Экс-президенттик доорду сүрүп аткан Сооронбай Жээнбековдун чачы суюлуп, ак бубак басып, карып кеткенин көрдүк. Убактылуу кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, көптөгөн чуулгандарга суралбай жүрсө да санаага алдырып, эртеби-кечпи тергөө капасына кабыларын ойлоп жатса керек. Бул дүйнөдө зулумдук, жамандык кылсаң кутулбайсың да, туурабы? Ал мамлекетти жетектеп тургандагы ири коррупциялык иштер, пандемия жоготуусу, Кой-Таш, Октябрь окуялары, кырсыктар... Санай берсек кайгылуу көрүнүштөр арбын экен. Азыркы бийликтин тушунда колтийбестик макамы сакталганы – анын тазалыгын билдирбейт! Тескерисинче, ичтен сыгылып, бушайманга батып, кыйналган жашоосу да. Келечекте кара кылды как жарган калыстык орносо, иралды Сокенин кылмыштары көтөрүлөрү, кыйла кыянаттыктары боюнча соболдор берилет. Жоопко тартылабы? Катаал мыйзам астында... Мына ошого чейин “жегени желим, ичкени ирим” боло береби? Ички дүйнөсү чүнчүп, беш маал намаз окуса да агарбай, куурап баратканы ушулбу? Оор күндөр али алдыда... "Азия Ньюс" гезити











