“Манастын уулу Семетей” тасмасына кимдер каршы?


Жаңы жыл алдында "Манастын уулу Семетей" тасмабыздын жабык көрсөтүүсү уюштурулду. Айрым коомдук ишмерлер колдоп, айрым манасчы, тарыхчылар каршы пикир билдиришти. Киночулардан Эрнест Абдыжапаров “эрдик кылыптырсың. Пьеса экрандаштырылды десең эле тынчышмак экен” деди. “Эпостун жана пьесанын негизинде тартылды” деп жазылганын жооп кылдым. Кеп анда эмес, кеп башкада. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” – дүйнөлүк улуу чыгарма, анын чоң каршылаштары бар.
Жангар Пюрвеев – монгол башчысы Цеденбалдын кеңешчиси болгон көрүнүктүү советтик ишмер менен Москвада жолукканда “Аалы Токомбаев баш болгон силердин бир топ белгилүү ишмерлер менин калмак туугандарым менен жолугуп турабыз” дегенинен улам, Токомбаевдин 1977-79-жылдарда басма сөздөргө “Манас – тарыхый инсан эмес, анын ысымын республикалык маанидеги орундарга ыйгаруу орунсуз” деп жазганын эстеп, Манаска байланыштуу киного кимдер каршы чыгып жатканына ой чаргыттым. Киного асылгандардын бир даары калмак жана Абыке, Көбөштүн тукумдары экенин, экинчилери бийликтин, үчүнчүлөрү менин оппоненттерим экенин, болбосо кылкылдаган көпчүлүк эл “кино чыкканда көрүп, оюбузду айтарбыз” деген пикирде экенин туйдум. Болбосо, биз деле тарыхый улуу чыгармага болушча аяр, этият мамиле жасап, “ыйык эпосубузду элибизге кеңири жеткирсек, ааламга таратсак” деген аруу ниеттебиз. Буюрса тасма тартылып бүтүп, графика жумуштары ийгиликтүү жыйынтыкталып, эл аралык ири прокаттык уюмдар менен жемиштүү кызматташуу жүрүп атат.











