Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уран Сыдыгалиев: “Инвестициялык климат “күтүү” абалында турат”

Уран Сыдыгалиев: “Инвестициялык климат “күтүү” абалында турат”

22-май, 21:32
2 360 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандагы инвестициялык климаттын абалы мындан ары кандай болушу мүмкүн?

-- Инвестициялык климаттын негизги факторлорунун бири – бул өлкөдөгү стабилдүүлүк, туруктуу абал. Бизде болсо өткөн жылдын октябрынан бери өзгөрүүлөр көп болуп атат. Ошолордун ичинде Конституцияны, мамлекеттик уюмдарды өзгөртүү, мамлекеттик мүлктү сатуу долбоору, “кустуруу”, өткөн жана боло турган шайлоолор жана башка процесстер. Бул боюнча инвесторлор кабардар (ички инвесторлор ашыкча маалыматта). “Инвестициялык климатты “күтүү” (ожидание) абалында турат” деп мүнөздөсөк болот. Абалдын “белгисиздик” багытына кыргыз-тажик окуялары, Кумтөр боюнча чечимдер  кошумча болду окшойт.

-- Өлкөнүн жана инвестордун орток пикиринин, кызыкчылыктарынын дал келүүсү үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

-- Бизге азыр келсе да тобокелчилик кылган инвесторлор келет болуш керек. Ошон үчүн туруктуулукту түптөш керек. Өзгөртүүлөр орчундуу жана түшүнүктүү болушу шарт. Мыйзамдар бири-бирине шайкеш келиши маанилүү. Мыйзамдардын чыгарылышын жана өзгөрүүсүн өтө этияттык менен жасаш керек. Салык саясаты ачык жүрүп, өзгөртүүлөр аз же такыр болбош керек.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер