Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бай партиялар элди тажатты, алардан “Ата Мекендин” артыкчылыгы эмнеде?

Бай партиялар элди тажатты, алардан “Ата Мекендин” артыкчылыгы эмнеде?

10-июнь, 15:31
1 387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

11-июлда өтө турган шаардык кеңештин шайлоолоруна НДПК, “Эмгек”, “Улуттар Биримдиги”, “Ынтымак, “Ата Журт – Кыргызстан” ж.б. партиялар кайрадан чыгып алышып, элдин кыжыры менен ойногону калышты окшойт. Дал ушулардын өкүмзордугу, мыйзамсыз аракеттери үчүн Бишкек, Ош шаардык кеңештерине болгон шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылган эмеспи! Мансап үчүн амбициялары ашынып, элди сатып алууга, басмырлоого болгон аракеттерин кантебиз? Ооба, коомчулук эми олуттуу баа берет... Мындай шартта “Ата Мекен” партиясы курамын таза сактап, ыплас оюндарга аралашпай, арканды алыс ыргытуу менен күздөгү парламенттик чоң мөрөйгө аттанарын эшиттик. Бул алгы кеп. Ага чейин жогорудагы олигархтардын уюшмалары элдин элегинен өтүү менен кайрадан жүздөрүн ачышары, биротоло жек көрүндүгө айланышары ажеп эмес. Мындай шартта “Ата Мекен” Жогорку Кеңештин шайлоосуна жаңылануу менен аттанса, Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы кеменгерлигине дагы бир жолу ынанабыз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер