Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов: «Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча план, программа жок»

Айданбек Акматов: «Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча план, программа жок»

16-сентябрь, 17:34
2 967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыш, жаз мезгилдеринде тамак-аш тартыштыгы жаралышы мүмкүн экени айтылып жатат. Эмнеге мындай абал жаралып калды? Азык-түлүк таңкыстыгын жоюу багытында айыл чарба министрлиги аракет көрүп жатабы?

-- Мунун биринчи себеби, Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча план, программа, эсептин жоктугуна барып такалат. Азык-түлүк коопсуздугу каралбайт жана аткарылбайт. Кыргызстан ун, өсүмдүк майы сыяктуу өзгөчө маанилүү азыктарды негизинен сырттан, Россия, Казакстандан алып келет. Бийликтегилер азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча бир маселе көтөргөнүн, жыйын курганын көрбөдүм. Эч ким демилге жасабаса, кайдагы өзгөрүүнү күтөбүз? Министрликтин сайтына кирип, эмне кылып жатканын көрсөңүз, иш планы, программасы да жок. Канча буудай себилгенин, анын түшүмү тууралуу маалыматты таппайсың... Аларда 6,5 миллион калкка мынча тонна ун, өсүмдүк майы керек экен, анын бул пайызын сырттан алып келбиз, калганын жер айдап, буудай сепсек, күнкарама тиксек, мынчадан түшүм алып, азык-түлүк коопсуздукту камсыздай баштайбыз” деген эсеп-чоту да жок болуш керек. Анткени жогоруда айтылгандай, бул маселелерди козгоп, аларды чечүү боюнча жол издегендерди көрбөдүм жана укпадым. Ошонун айынан бизде азык-түлүк коопсуздугу кароосуз калган. Демек, ар кандай тартыштыктын чыгуусуна негиз бар. 

-- Башка кошуна мамлекеттерде да баалар өсүп, тамак-аш тартыштыгы барбы? Ал жакта мындай тармактарда кандай саясат жүрөт? 

-Орус бийлиги бааларды кармоо багытында кандай иштерди жүргүзүп жатканын маалымат каражаттарынан көрүп жатабыз. Президент Путин, өкмөт башчы Мишустин кумшекер, өсүмдүк майы, нан азыктарына бааларды тыкыр көзөмөлдөп, алардын кымбатташына жол бербей келатат. Путиндин тушунда Россия улуу айыл чарба державасына айланды. Буудай экспорттогон №1 мамлекет болуп калды. Анткени алар акыл-эс менен иштеп, айыл чарбасына тынымсыз жардам берип келди. Айыл чарбасын көтөрдү, гүлдөгөн тармакка айлантты. Эми түшүмүн көрүп жатат. Кошуна Казакстан да тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо абдан дараметтүү. Буудай, ун, өсүмдүк майы сыяктуу эң маанилүү азыктар менен өзүн-өзү камсыздайт. Бизге, башка өлкөлөргө экспорттойт. Ошондуктан аларда азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жок. Бааларды көзөмөлдөөгө, анын ыксыз көтөрүлүшүнө жол бербөөгө кудурети ар тараптан жетиштүү. Алар базар ыкмасы, административдик чара менен да бааларды ооздуктай алышат.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер