Чубак ажы теңирчи Усупбаев менен чогуу муз тээп, жылуу сөзүн арнады

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.
Кышкы каникулда балдарым менен чогуу динибизге каршы келбеген спорттун түрү эмеспи (!) деп, жылгаяк тепкени муз аянтчасына барып, ал жерден Анарбек Усупбаев аксакал менен учурашып, ал жай сурашып калдык.
Жалгыз уулунан керез калган небересин ойнотуп жүргөн экен.
Билим алууга болгон кызыгуунун басаңдоосу жалпы тенденция катары калыптанып бара жаткандыгы туурасында кеп уруштук. Жалгыз торпогун сатып бала окуткан элдин мынчалык майдалангандыгына бир аз кейип кепчидик. Улуттун келечегине кам көрүүгө болгон пикир алыштык.
Аксакалдын жакшы карып бараткандыгын байкап, ичимден Кудайга шүгүр айттым.
Кудай Таалам баарыбызды хидаят-туура жолунан адаштырбасын.
Анан, “эстелик болсун” деп “чырк” эттирип койдук...
09\01\2020ж. Бишкек.

(Чубак ажы Жалиловдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.)
Aryba.kg