Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаровго жол ачуу. Текебаев төрага болууга, президенттин милдетин аткарууга ашыктыбы?

Жапаровго жол ачуу. Текебаев төрага болууга, президенттин милдетин аткарууга ашыктыбы?

19-октябрь, 01:44
2 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Өмүрбек Текебаев жыландын башын кылтыйтып, алдыртан бүйүр кызытты. Ажолукка аттануунун “заң-закүнү” боюнча... 

Конституциялык чектөөлөрдү, эрежелерди эске салып, Садыр Жапаров талапкер катары катталганга чейин президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп берүүнү, ошого катар премьер-министрлик кызматын да токтотууну белгилеген. Бул маанилүү. 

Ооба, элдин ишенимине кирүү, легитимдүү болушу үчүн Конституцияда көрсөтүлгөн эрежелер так сакталышы зарыл. Эмесе, маселенин маңызына келели: Өмүрбек Текебаев президенттин милдетин аткарууну өзү эңсеп атышы мүмкүн. Анүчүн оңтойсуз Канатбек Исаевди ээрден оодарып, Жогорку Кеңешке төрага шайланышы шарт. (“120 кой” айдаган жакка кете берет эмеспи.) Мына ушундай жагдайда Жапаров күмөн саноо жаратпасы үчүн жогорудагы мыйзам талаптарын аткаруу менен шайлоого аттанат. Ошондо Текебаев кайрадан спикер жана президенттин милдетин аткаруучу катары Жапаровду аламанда сүрөп, өлкөдөгү экинин бири болгон фигурага айланат. А “Доссекретарь” Ташиев коопсуздукту караган сакчынын ишин аткарып калабы?.. 

Учурдагы реалдуулуктан тайбаш керек. Рейтинги жогору Садыр Жапаров президенттик шайлоону жеңип келген соң, Өмүрбек Текебаев “ээси келсе бээсин бер” дегендей, чоң саясый миссияны ишке ашыруучусу катары тарыхта калат...         

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер