Ричард Чалк ММКнын өкүлдөрү үчүн мастер-класс өткөрдү


Бишкекте дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, ДИМК алдындагы диний кырдаалдарды изилдөө борбору (ДКИБ) жана «Интерфейт кансил» АК уюму менен биргеликте, Олбани Ассошиэйтс (ALBANY Associates) жана РЕОК-коммуникациялар (REOC Сommunications) уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу «Зордукчул экстремизмдин алдын алуу жана ага каршылык көрсөтүү боюнча стратегиялык медиакампанияларды иштеп чыгуу» долбоору өз ишин баштады. Долбоордун биринчи этабында процесстин баардык катышуучуларын жалпы эле экстремизмге, ошондой эле радикалдаштыруунун, анын ичинде диндеги баардык терс кесепеттерге каршылык көрсөтүү жаатында салттуу жана альтернативалык жалпыга маалымдоо каражаттарында колдонулуучу коммуникациялык стратегиялардагы алдыӊкы форматтар жана мамилелер менен тааныштыруу каралган.
Мына ушуга байланыштуу, биринчи этап мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле ММКнын өкүлдөрү үчүн мастер-класс өткөрдү, аны коммуникациялык технологиялар боюнча эксперт, REOC-communications уюмунун директору Ричард Чалк өткөрдү. Кыргызстандын катышуучулары үчүн мастер-класста медиа контенттерди түзүүчүлөрдөн аталган тема боюнча маалыматты мыкты билүүсү менен бирге эле экстремизмдин ар кандай формаларына каршылык көрсөтүү жаатында материалды берүүдө, кагылышуунун түздөн-түз катышуучулары жана анын курмандыктары менен баарлашууда өтө так, кылдат мамилени талап кылуу менен аларга эксперттик коммуникациялык тажрыйба сунушталган, ар кыл өлкөлөрдө өткөрүлгөн ийгиликтүү коммуникациялык кампаниялардын материалдары көрсөтүлгөн. Мастер-класстын программасы угуучулар тарабынан зор кызыгууну жаратты жана алардын жигердүүлүк менен катышуусуна өбөлгө түздү. РЕОК өнөктөштөрү тарабынан колдонулуучу коммуникациянын көптөгөн элементтери алардын маанисин жана ийгилигин камсыздоо менен жергиликтүү медиакампанияларда да колдонулушу мүмкүн. ДИМКнын түштүк аймактык башкармалыгынын жана айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Ош шаарына иш сапары болду. Долбоордун кийинки этабында пилоттук стратегиялык медиакампанияны түзүү каралган, бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Бүгүнкү күндө экстремизмге, радикализмге жана терроризмге каршылык көрсөтүү мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту калыптандыруунун маанилүү маселелеринин бири болуп эсептелет жана албетте, мамлекет, ошондой эле жалпы коомчулук тарабынан бул маселеге системдүү мамиле кылуу талап кылынат. Бул багытта экстремизмге түздөн-түз каршылык көрсөтүү менен анын алдын алуу, агартуучулук, билим берүүчүлүк компоненттери да камтылган. Мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мекемелердин (күч органдары, профилактикалык, билим берүүчү ж.б.) жарандык секторлор жана ММК менен биргелешкен жөнгө салынган системдүү аракеттеринин натыйжасында агартуу, жигердүүлүк жана медиа-масса аркылуу гана бул өӊдүү кооптуулуктарга каршылык көрсөтүүгө болот.
Бул жаатта Кыргызстандын мыйзамдык базасы бекем укуктук пайдубалды камсыздайт, аталган багытта жалпыга белгилүү болгон бир нече мыйзамдан тышкары, колдонуу тажрыйбасына ээ болгон укуктук документтер да бар, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын 2021-2026-жылдар аралыгындагы дин жаатындагы мамлекеттик саясатынын концепциясы, ошондой эле КР өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршылык көрсөтүү боюнча программасы. Мында учурдун талабына ылайык натыйжалуу каршылык көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси каралган. Жалпылап айтканда, мамлекетти, коомду, жарандарды жана массалык медианы чогуу ишке тартуу менен гана коомдук коопсуздуктун реалдуу иштеген стандарттарын түзүүгө болот.
"Азия Ньюс" гезити











