Эркин Мамбеталиевдин айынан Кашкар Жунушалиев отставкага кеткени калдыбы?

Баткенден күч органдары Эркин Мамбеталиевден эки жолтандабас унаасын алганы боюнча ИИМ улам бир актанган маалыматын таратып, аягы коомчулук астында уят болгону ачыкталды. Бул боюнча чоң резонанс жаралды. Аягында белекке берилген брондолгон жолтандастарды кайрадан Эркин Мамбеталиевге кайрып беришкенин жар салышты. Дал ушул маселе өкмөттө, коопсуздук кеңешинде курч мааниде талкууланып, министр Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кете турганы маалымдалды. Бирок, азырынча президенттик аппарат үн ката элек. Кашкар Жунушалиев иш жүзүндө жалпы милициянын бетине көө сыйпаган, өтө орой катачылык кетиргени кечиримсиз го? Мындан соң президенттик аппарат министрди коргоп калабы, же отставкага айдайбы? Себеби, Эркин Мамбеталиев полковник Чыныбек Алиевди жана башка бир топ адамдарды өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. (2010-жылы төңкөрүштөн кийин жомоктогудай чечимдер менен түрмөдөн чыгып кеткен.) Бул боюнча талкуу коомчулукта кайра козголуп, тынчыбай атканы эмнеден кабар берет?..
Aryba.kg