Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уларбек Шаршеев менен Таалайбек Өмүралиев ээлеген кызматтарынан бошотулсун!

Уларбек Шаршеев менен Таалайбек Өмүралиев ээлеген кызматтарынан бошотулсун!

07-май, 13:26
3 114 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аргасыздан түңүлөсүң эй! Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин профессионалдуулугу, мекенди коргоого болгон аракеттери ич жылыткан жок. Кайгы аралаш ый тартуулады. Атаңдын көрү! Баткендеги согуштан соң эки жетекчинин алсыздыгы даана байкалды. Бакыйган системаны башкарып атышып, эң жок дегенде элге туура маалыматтарды жеткизүүдө, алдын ала жай тургундарды коргоодо чалагайым болушуп, деги эле алсыздыктары ачык көрүндү. Эң башкысы, коопсуздукка карай ыкчам чараларды кыла алышпай, жетеленме, чийки кадрлар катары таанылганы ырас. Иш жүзүндө Уларбек Шаршеев менен Таалайбек Өмүралиев ээлеген кызматтарынан бошотулушу шарт. Мындай колбашчылар менен алыска бара албайбыз, элибиздин гана шору!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер