Акыркы кабарлар
» Саясат » Казакстан унду экспорттоого тыюу салса, кризис жаралбайбы? Аймактарда тегирмендер жетишсиз
Казакстан унду экспорттоого тыюу салса, кризис жаралбайбы? Аймактарда тегирмендер жетишсиз
29-март, 09:00
286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанды ун менен негизинен Казакстан камсыз кылат. Ал жакта ундун баасы көтөрүлсө, бизде да кымбаттайт. Эң кооптуусу, коңшу өлкө унду экспорттоого тыюу салса, бийлик бул маселесин кантип чечет? Бизде өндүрүлгөн буудай жетишсиз, эми ошол жетишсиз буудайды ун кылып тартканга аймактарда тегирмендер азайып кетиптир. Ар бир айылдагы союздун тегирмендерин металл кылып сатып жиберишип, азыр айыл эмес район, облустарда тегирмен жок. Муну акимдер, губернаторлор ойлобосо, аларга тегирменди сырттан бирөө алып келип береби? Негизи бул багытта өкмөт башчы Акылбек Жапаров кандай изги ишке барары азырынча белгисиз. Же колдон келбейби?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити