Марлен Маматалиев күздө төрагадан кетеби? Куйтуланып атса...


Соңку жумада ал көптөгөн маектерди берди. Каникулга кетердин алдында кайра ордуна келбей калчудай жанталашты. Баарынан да шайлоодо, мандат алууда азаптарды көргөнүн, куугунтукка кабылганын айтканы күлкү келерлик эле... Мурда Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы кезинде кошомат кылып жүргөнүн жалганга чыгарганыбы? Марлен Маматалиев куйтуланып кетсе, коомчулук келесоо эмес да, туурабы? Баары талданат...
“Бала төраганын” жеңил пиары, өзүн акылдуу сезгени, башкаларды алдагысы келгени бир тыйынга арзыбай калдыбы? Болгону жүзүн ачып бергенин, кандай пенде экенин тастыктады го? Сөз жок! Бийлик мунун ойкуп-кайкыганынан абайлашы керек. Бир “саткан” адам көндүм жүрүшүн уланта береби? Чындыгында жагалданууга аргасыз болдубу, же табиятынан ушундайбы? Айтор, толгон-токой суроолордун жообу берилбеди. Сыягы, “баланын иши чала” дегендей, Маматалиев накта жүзүн ачып алса, анда сентябрдын келиши менен парламентке жаңы төрага дайындалабы? Ажо көп нерсени түшүнүп, алдына алып аткандыр...
Бул эргул убагында кимдердин гана короосуна кирбеген? Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев, Райымбек Матраимов, Сооронбай Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров... Алар эрксизден жылмайып жатышса керек. Баарынын “башын аттап” кете берсе, деги муну кандайча түшүнсө болот?
Анан калса, президенттик шайлоого жакындап баратабыз. Төрага Марлен Маматалиев менен опурталдуу эмеспи? Ыңгайы келгенде адатынча ойноп кетпейби? Ооба, алдыртан коңгуроо кагып турганыбыз...











