Искендер Матраимов: “Элге келген сыноону ынтымак менен жеңели”
COVID-19... Жер жүзүн каптаган бул ылаӊдан дагы деле арыла элекпиз. Үч айга жакын убакыттан бери Кыргызстан вирустун кесепетин жоюу жана элдин саламаттыгы үчүн күрөшүүдө.
Пандемия каптаган алгачкы күндөр абдан эле оор болду. Көзгө көрүнбөгөн, дабасы жок апаат адамзаттын үрөйүн учурду. Жолдор жабылып, көчөдө кыбыраган жан жок, адам – адамды көрсө алыстап качып калды. Карантин убагында ар бирибиз жакындарыбыздын саламаттыгын сактап калуудан башка эч нерсени ойлонбой да калдык. Мурдарак, алдыга койгон максаттар, жакшы пландар жөнүндө дагы унуттук. Тек гана “аман калалы” деген аракет менен керектүү азыктарды, дары-дармектерди камсыздоого шаштык. Эл дүрбөлөӊгө түшүп, базарларда ун азыктарына чейин талап кетишти. Азыктарга кошулуп жашоонун, тирүүчүлүктүн баасы кошо кымбаттады.
Журт башына келген оорчулукта эл аралык уюмдар, жергиликтүү фонддор, мүмкүнчүлүгү бар мекенчилдер жардамдарын аяган жок. Иним Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду аркылуу биз дагы өз салымыбызды коштук.
Республикалык эсепке: 10 000 000 сом.
Саламаттык сактоого: 19 ИВЛ жабдыгы, 20 000 экспресс-тест, 10 тепловизор, 500 коргоочу костюм, 500 коргоочу очкилер.
Аз-камсыз болгон калктын катмарына: 1500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы, 250 000 бет кап.
Бишкек комендатурасына: 22,5 тонна ун, Ош комендатурасына 25 тонна ун жана Жалал-Абад комендатурасына 22,5 тонна ун. Ошондой эле Ташкөмүр, Ноокендеги тартип сакчыларына 5000 бет кап.
Рамазан айынын учурунда жаӊы конуштарда жашаган 10 миңдеген жардамга муктаждарга азыктар салынган баштыктар. Мындан тышкары, фонддун волонтерлору республиканын аймагына 235 тонна ун, 10,5 тонна өсүмдүк майы жана 92 000 бет капты таратышты.
Элге келген сыноону ынтымак менен жеңели. Мекенибизде тынчтык, элибизде жакшылык болсун!
Искендер Матраимов, ЖК депутаты