Эч нерсе колумдан келбей, жүрөгүм эзилип жүрөт
Силерге айтар арманым: менин апам рак илдетине чалдыгып калды. Акыркы эки жылдын ичинде аябай өзгөрүп, кыйналды. Тоодой тирек болор атам да жок. Менден башка да эч ким жок. Апам экөөбүз гана ичибизден сызып келебиз.
Апам рак болуп калганын кеч билдик. Азыр дарыланып жатат. Башында апамдын бир туугандары жардам берип жүрдү, кийин такыр карабай коюшту. Жанталашып эки жумушта иштейм, бирок айлыгым эч нерсеге жетпейт. Апамдын бир химиясы 15 миң сом. Андан сырткары, тамак-ашка, үйдүн төлөмдөрүн төлөө ж.б. болуп атып, тапканым эч нерсеге жете бербейт. Жумуштан кеч кайтам да, төшөккө жатып көз жашымды төгүп-төгүп алам. Апам көз алдымда соолуп баратат. Мен эч нерсе кыла албай, жөн гана жүрөгүм эзилип жатат... Апамдан айрылып калсам, жападан жалгыз кандай жашоо кечирем?.. Мындай коркунучтуу күндөрдөн корком. Москвага кетип калайын дейм, бирок апамды ким карайт? 18 жашымда ушунчалык азап тартарымды эч ойлонбопмун. Болгону ичиме толгон арманды сиздер менен бөлүшүп, жеңилдеп алгым келди. Жараткандан миң ирет тиленген дубаларым кабыл болуп, апам айыгып, сонун күндөр, сонун келечек күтөт (!) деген үмүт менен жашап жүрөм...
Анара Курманова
"Азия Ньюс" гезити