Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шакиев-Ормонов “өкчөлдү”. Урматына Узакбаев менен Сатыбалдиев баш жазганда

Шакиев-Ормонов “өкчөлдү”. Урматына Узакбаев менен Сатыбалдиев баш жазганда

15-май, 10:50
8 238 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маал-маалы менен Эмил Узакбаев аттуу-баштууларга чай берип, өзү “түштүктүн кадырлуу аксакалы” даражасын алалбай келатканы ыраспы? Бул жолу да дүпүрөшүп, өз ара чогулушканын эшиттик. 

Бир кылка экстер, байбачалар дасторкон үстүнөн орун алышып, аларга ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев, Улукбек Ормонов сыяктуу депутаттар келип кошулушуп, бирок көпкө отурушпай, кетип калышат. Андан соң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келет. Эмил Узакбаев ага карап, “Шакиев менен Ормонов сизди күтпөй кетип калды” дейт. Ачууланган Камчыке “чакырыңыз” деп буйрук берет. Узакбаев тигилерге чалып айтса, экөө учуп жетип келишиптир. Шакиев менен Ормоновдун ууртап-татып отурганын көргөн “Пашанын” маанайы бузулганбы, айтор, экөө жарыша “иче” баштаганы айтылды. Ошентип жоон топ аксакалдар бака-шака болушуп, аягында көңүлдүү тарашат...

Эртеси Жантөрө Сатыбалдиев “казанчы” Эмил Узакбаевди чакырып, “кечээ тигилерди жакшы кылдың, кел баш жазалы” деп, чечекейи чеч боло бакылдап бериптир. Маңдайлары жарыла сүйлөп отурушса, бири-бирине бап келишкени алыстан байкалганычы...

Эми бир кызык маселени эске салалы. Эмил Узакбаев “Камчыбек Ташиевди коргоо” уюмуна эмнеге жалаң түштүктүн аксакалдарын чакырат? Түндүктүн деле аттуу-баштуулары колдоого ашыгып жатышса, аларды кошпогону кандай? Мамлекеттин биримдигин ойлогон, туруктуулукту көздөгөн адам бөлүп-жарбайт да, туурабы? Ушул жагы саясый элитада талкуу жаратып келет... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер