Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 60 жылда бир келчү ак чычкан жылы босогодо

60 жылда бир келчү ак чычкан жылы босогодо

30-декабрь, 18:02
2 104 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жыл кандай болот? Чычкан жылы. Кайсы нерселер ийгилик алып келет, же эмнелер туура эмес багытка жетелей турганын дүйнөлүк астрологдордун берген маалыматы боюнча сиздерге сунуштайбыз.

Чычкан жылы тарыхый, коркунучтуу окуялардын жылы катары эсептелинет. Бирок, быйылкы жыл 60 жылда бир кайталанчу ак чычкан жылы. Бул ак чычкан 1960-жылдан бери эми келди. Жогоруда айтылгандай, тарыхый окуяларга бай болуусу мүмкүн, бирок коркунуч жараткан жагдай болбосу айтылат. Астрологдор дүйнөлүк планда глобалдык стратегиянын жаӊы баскычта өнүгүүсүнүн убактысы дал ушул ак чычкан жылында деп белгилешет. 12 жылдын астрологиялык курстун башталышы болгон чычкан жылы куу, өзүмчүл, байлыкка умтулган, бирөөнүн акысына кызыккан жана ошол эле учурда кандай абалдан болсо да чыгып кете алгандыгы менен мүнөздөлөт. 12 жылдын башында тургандыктан астрологиялык жылдыздардын эӊ кадырлуусу катары белгиленет. Бул жыл кандай гана окуяларга бай болбосун, ар бир окуядан чыгып кетүү жеӊил болот. Бул жыл амбициясы бийик, максаттуу адамдар үчүн өтө ийгиликтүү. Узакты көрө билген жана чыдамкай адамдар үчүн да жемиштүү. Энергияга толгон, бир эле убакта бир канча иштин жыйынтыгын чыгарган жана элден көп нерсени талап кылган жыл. Туруктуулук, күрөшчүл, чечкиндүүлүк мүнөздөрүнө да ээ. 2020-жыл акыйкаттык менен күрөшкөн, чечкиндүүлүктү, чындыкты талап кылган окуялар менен коштолору мүмкүн. Чычканга жеӊиш оӊой менен келбейт, бирок өзү каалаган жыйынтыкка жетүүгө болгон аракетин жумшайт. Көп учурда аракетинин үзүрүн көрөт. Чычкан жөнөкөй астрологиялык белги эмес. Кыйтыр, кекчил, башкалардан айырмаланган артыкчылыгы кандай гана жагдай болбосун аны өзүнүн пайдасына буруп кете алат.


Сүйүүдө жана үй-бүлөдө

Ак чычкан көӊүл буруунун жана сүйүүнүн символу катары аталат. Ошон үчүн бул жылда үй-бүлө жаатында жагымсыз маселе аз кездешет. Мамилеге, достукка, үй-бүлө курууга эӊ жакшы жыл. Бирок, бул жыл бири-биринен сыр жашыргандардын тумары эмес. Бирге түтүн булаткандар бири-бирине ишеничи бекем болуп, чынчылдык орун алса, үй-бүлөлүк бактысы андан да бийик болору айтылат.


Ден соолукта

Ден соолук, саламаттык жаатында бул жыл баарын кубантат десек жаӊылышпайбыз. Ар бир адам спорт менен машыгып, ар тараптан активдүү болуп, көнүп алган жалкоолук, кыймылсыздык адаттарынан арылса, өзүн жакшы сезип, саламаттыгы бекем болот.

Ак чычкан үйдөгү чаржайыт, чачылганды, ашыкча нерселердин болуусун жактырбайт. Ошол себептен жаӊы жыл алдында үйдү тазалап, ашыкча нерселерден арылуу жакшылыкка эшик ачкандык болуп саналат. 

Чычкан жылында төрөлгөн адамдарга мүнөздөмө

Бул адамдар максаттуу, эмгекчил, сарамжал келишип, байлыкка умтулушат. Бир нерсеге аябай берилгенде же чоӊ сезимге кабылууда гана сарамжалдуулукту унутуп коюшу ыктымал. Ушактап, каралоодон кайра качышпагандыктан, алардын достору эмес, жөн гана тааныштары бар. Эч нерседен кем болбоого тырышып, келечеги үчүн дайыма тынчсызданып турушат. Бирок карылыкка камдаган сарамжалдуулугун ак эмгек эмес, куулук менен чогултушат. Өздөрү кара күчкө караганда акыл-эс жумуштарын берилип аткарышат. Эске тутуусу аябай курч. Ар бир нерсени майда деталдарына чейин эстеп калууга шыктуу келишет. Бул жылда туулган адамдарда эгоизм көп болгондуктан, башканын пикирине көндүрүү, оюнан кайтаруу өтө оор.


Дасторконду кандай кооздосок болот?

Босогодо чычкан жылы. Кожойкелер жаңы жылдык дасторконду кантип кооздосом, эмнелерди даярдасам (?) деп турган чагы. Чыгыш жыл сүрүүсү боюнча чычкан назик, көпчүлүктү, оомал-төкмөл дүйнөнү жактырган, табити мыкты жандык катары мүнөздөлөт. Жаңы жылдык дасторконду, бөлмөнү кооздоодо ак түскө басым (идиш-аяктар, дасторкон) жасап, дасторконго азыктардан каалаган нерселерди коюуга болот. Өзгөчө сыр, жумуртка, эт азыктарынан жасалган даамдар эч бир чычканды капа кылбайт.

  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер