Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады
Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады
29-август, 11:49


Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган.
Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берген.
Анда коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган эл аралык уюм Кыргызстанга жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөткөнү айтылган.