Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Салтанат Нукенованын кайгылуу окуясынан кийин жигитимен кооптоном
Салтанат Нукенованын кайгылуу окуясынан кийин жигитимен кооптоном
16-май, 09:00
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мектепти аяктаганы классташтарымдын баары жогорку окуу жайга өтүп кетишти. Үйдөгүлөр болсо “окубай эле кой, шарт жок, турмушка чыгасың” деп туруп алышты. Айла жок, жаштайымдан жашоонун сыноосуна аралаштым. Мен да элдин кыздарындай окуп, ойноп жүргүм келген, бирок үйдөгү шартка аргасыз көнүп, кийим саткан дүкөнгө сатуучу болуп кирдим. Дүкөндүн ээси менден жыйырма жаштай улуу. Үй-бүлөсү бар. Бирок улам белектери менен кубандырып отуруп, жүрөгүмдү ээлеп алды. “Баардык шартты түзүп берем” деп экинчи аял болууга макулдугумду сурап жатат. Аны жакшы көрөм, бирок корком. Өтө эле кызганчаак. Казакстанда болгон Салтанат Нукенованын кайгылуу окуясынан кийин негедир кооптонуп калдым. Кандай кеңеш бересиздер?
Айназик
"Азия Ньюс" гезити