Эрнест Карыбеков: “Камбар-Ата–1” ГЭСин өзүбүз куруп, өзүбүз башкарсак жакшы болмок”
Электр энергиясы боюнча эксперт менен маек.
Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата–1” ГЭСин куруунун жолкартасына кол коюшту. Мындан тышкары, расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошту. Сиз бул келишимге кандай ойдосуз?
-- Камбар-Ата–1” ГЭСин өзүбүз куруп, өзүбүз башкарсак абдан жакшы болмок. Бирок бизде каражат жок. ГЭСти 100% өзүбүз башкаралы десек, анда насыя алып курушубуз керек эле. Насыянын шарттары дүйнөдө бирдей эле. 20-25 жылдын ичинде пайызы менен кайтарып бересиң. Алдыңкы 5-7 жылда жеңилдик бар. Насыяны 20-25 жылда кайтырып берүү үчүн ГЭСтен чыккан электр энергияны 10 центтен, же башкача айтканда, 8 сом 50 тыйындан сатыш керек. Мындай баа Кыргызстанда, Борбор Азия өлкөлөрүндө жок. Керек болсо Кытай да албайт. Көйгөй ушунда болуп турат.
"Азия Ньюс" гезити