Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медин УЧКЕЕВ, режиссер: “Бүгүн ойгонбосок, айланабыз зыянкечтерге, өтө төмөн аң-сезимдүүлөргө толуп баратат”

Медин УЧКЕЕВ, режиссер: “Бүгүн ойгонбосок, айланабыз зыянкечтерге, өтө төмөн аң-сезимдүүлөргө толуп баратат”

25-октябрь, 19:19
1 096 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мыкты режиссерлордун бири Медин Учкеев мамэкотехинспекциянын колдоосу менен "Экологияны биргеликте коргойлу" деген багытта даректүү тасма тартып, жакынкы күндөрү ачылышын жасоо алдында турат. Мурда “Үркүн”, “Мигрант”, “Мурут” аттуу ретрокомедия ж.б. бир нече даректүү тасмаларды тарткан режиссер бүгүнкү эң актуалдуу, курч экологиялык көйгөйлөргө кайрылып, көрүүчүлөрдүн ойлонуусуна, ойгонуусуна жем таштады.

-- Экология боюнча темага, курч көйгөйлөргө кандайча кайрылдың? Мурдатан акылда, ойдо бышып жетилген идеябы? 

-- БУУда Кыргызстандын үч маселе боюнча жоголуп кетүү коркунучу бар экени айтылган. Алар: 1) миграция маселеси; 2) улутубуздун, экологиянын азыркы акыбалынын айынан түрдүү оорулар күч алып, улут саламаттыгы жоголгону; 3) ар кандай секталар, ар кандай агымдардын көбөйгөнү. Ушул үч себептен улам,   биздин Кыргызстан жоголуп кете турган мамлекеттердин катарына кирип калган. Жарандык милдетим катары, жаркын келечек үчүн жан берген ата-бабалардын арбагына арнап “Үркүн” тасмасын тартсам, миграция көйгөйлөрүн көтөрүп, “Мигрант” тасмасы тартылды. Менде дайым көйгөйлүү маселелер көңүл борборумда. Өлкөбүздүн, мекенибиздин булуң-бурчунда, талаа-түзүндө жүрүп, экологияга кайрылуу идеясы ойгонду. Азыркы учурда миграция менен бирге эле ден соолук маселеси өтө опурталдуу. Себеби, биздин өлкөдө ооруган адамдардын саны пайыздык көрсөткүчү боюнча абдан көп. Оорунун көп себеби бар. Бирок эң негизги себеби экологияга байланыштуу. Тасма тартуу учурунда жергебизди түрө кыдырып жүрүп, элибиздин жаратылышка болгон мамилесин көрүп зээн кейиди. Жүрөк жанчылды. Биз өзүбүздүн ден соолугубузга, жаркын келечегибизге балта чаап, өзүбүзгө өзүбүз зыянкечтик кылып жашап жатканыбыз даана көрүндү. Адамдарды ойготуу, акылга чакырууну бүгүнкүнүн зарылдыгы катары бааладым.  

Бүгүнкү доордун адамдарынын азыркы аң-сезимин талкалап, башкача аң-сезим кылбасак, азыр айланабыз кайдыгер, зыянкечтерге толуп баратат. Ушул максатта экология көйгөйлөрүн чагылдырган даректүү тасманы тартууга кириштик. Даректүү тасмабыз бир жылга жакын убакытта тартылды. Мамэкотехинспекцияга өз долбоорум менен кайрылгам. Алар дароо эле макул болушту. Анан алардын колдоосу менен тасма тартылды.  

-- Өлкөбүздөгү бүгүнкү экологиялык абалды чагылдырыш үчүн Кыргызстанды түрө кыдырып тартыпсыңар. Кандай көйгөйлөрдү көрө алдыңар?

-- Бизге билинбейт. “Бейиштей жерде жашайбыз, аба таптаза” дейбиз, бирок ошол бейишке бейиштей мамиле кылбайбыз. Эң башкы маселе – таштандылар. Таштанды, пластик учурда дүйнө жүзүндөгү көйгөйлөрдүн бири. Бирок биз эс алганы кай тарапка барбайлы, кайдыгер карайбыз, талаа, көлдөрүбүзгө таштанды, желим бөтөлкөлөр толгон. Талаа-түздө съемка кылып жүргөндө чет элдиктер менен көп жолуктук. Алар, тескерисинче, биз таштаган таштандыны терип, желим бөтөлкөлөрдү рюкзактарына салып келип таштанды төгүүчү челектерге ташташат. 

Жылдан-жылга ден соолукка зыян алып келчү автоунаалардын саны абдан арбыды. Алардын көбү эски жана сапатсыз күйүүчү майларды куюшат. Жаңы конуштарга барсаңыз, ал жакта кээ бир адамдар жеке менчик мончолорду иштетип, тигүү цехиндеги калдыктарды жагышат. Мындайча айтканда, алар ууну абага таратып жатышат. Эгерде азыртадан кам көрбөсөк, ойгонбосок, ал аба менен дем алган адамдарда, балдарда мээнин шишиги, өпкө оорулары пайда болушу мүмкүн. Онкологиялык бейтапканага барып кайрылганыбызда, экологияга, сапатсыз азыктанууга байланыштуу оорулар жыл санап көбөйүп жатканын айтышты. Суроолуу көз караштары менен жалдырап, чачтары кырылган, химиотерапия алган бөбөктөр жатат.

 Азыр түрдүү зыяндуу жер семирткичтерсиз жашылча-жемиштерди да өстүрө албай калдык. Жеген этибизге чейин ууландырылган. Соё турган малды тез семиртүү үчүн түрдүү химикаттар колдонулат. Анан биз ошол ууну канча бир каражат коротуп сатып алабыз.  

-- Съемка учурунда дагы кандай жерлерде болдуңар?

-- Үшүп-шишип, ачка-ток, жөө-жалаңдап жүрүп, жакшы тасма тартууга жандалбастадык. Таштанды талааларга, мөңгүлөргө, капчыгай, карагайларга, токой чарбаларына бардык. Бир мисал келтире кетсем, Баткенге бара жаткан жерде Халвион деген жер бар. Мурда ал жер Кыргызстандагы эң ысык жерлердин бири деп айтылчу. Ошол жерге мамлекеттин, элдин күчү менен сөксөөлдүн үрөнүн сээп өстүрүп жатышат. Ал чөлдө, ысыкта өсө турган бак экен. Азыр алды үч метрге чейин көтөрүлүптүр. Канча бир миң гектар жер экен. Мурда ал жакты саранчы басып кетчү. Азыр болсо кадимкидей көлөкө болуп, чымчыктар конуп, өзгөрүп калыптыр. Чымчыктар болгондон кийин саранчылар, зыянкечтер да азайыптыр. Биздин Кыргызстанда токой 5%ды эле түзөт экен. Ошон үчүн ошолордун баарын эске алып, токой аянттарын көбөйтүү керек.

-- Мөңгүлөр кандай ойлорго жетеледи?

-- Ысык-Көл облусунун тескей тарабындагы мөңгүлөргө бардык. Мөңгүлөрдүн эрип жатканына токойлордун аздыгы, анан автоунаалардан тараган булганыч аба, жаккан көмүрлөрүбүздүн түтүндөрү себепкерин баамдадым. Биз эрип жаткан мөңгүнүн көрүнүшүнө күбө болуп, тартып, астына чейин кирип көрүп чыккандан кийин, эриген мөңгүлөр түшүп кеткен учурлар дагы болду. Коркунучтуу, сүрдүү, аянычтуу, жүрөк ооруткан ирмемдерге кабылдык. Съемка бүткөндөн кийин биз жүргөн жерлер түшүп кетти. Мөңгүлөр өзүнчө бир чоң көйгөй, чоң сөз.

Тасма тартуу убагында эксперттер энергия жагына көңүл буруу керек экенин, же зыян келтирбей турган башка багыттарына өтүш керек экенин баса белгилешти. Пластиктерди кайра иштетүүчү, таштандыларды иштеп жок кыла турган ишканалар болсо, көмүргө альтернатива болгон электр, күн, суу жылыткычтары иштетилсе, жылуулукту, автоунааларды газга өткөрсөк деген сунуштар айтылды. Орчундуу ойлор козголду. Илимпоздор биздин кошуна Казакстан, Кытайга  салыштырмалуу жаратылышыбызды, тоолорубузду макташат. Бирок “бизде жакшы экен” деп, сактабай койсок болбойт. 

-- Тасманы качан көрүп калабыз?

-- Ноябрь айында бетачарын кылсак деп турабыз. Мамэкотехинспекция дагы өз сценарийлери менен жетекчилерди, мекеме ишкерлерин чакырып, чоң иш-чара өткөрөбүз (!) деген пландары бар. Бул даректүү тасма коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөйт. Элге жайылтыш керек. Менин оюмча, эң биринчи элди, элдин жүрөгүн ойготуу зарыл. Айланабызды эле карасак толгон токой таштандылар жатат. Уйлар памперс жеп, кечинде сүтүн балдар ичишет. Мунун баарын бүгүн айтып калышыбыз керек. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер