Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Мурдагы оорулары, анын ичинде жүрөк оорусу да козголушу мүмкүн”

Калдарбек Абдраманов: “Мурдагы оорулары, анын ичинде жүрөк оорусу да козголушу мүмкүн”

07-сентябрь, 18:07
1 479 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында, жоопко тартылган адамдарды мамлекеттик ооруканаларга чыгаруу эрежеси өтө татаал болгондуктан, көпчүлүгү жеке менчик клиникаларга жатышат.

«Жоопко тартылбай жүргөн кезде өзүнүн саясаты, бизнеси менен болуп, жүрөгү ооруса да маани бербей, көңүл бурбай койгондуктан билинбейт. Ал эми түрмөгө отуруп калуу сыяктуу кандайдыр бир экстремалдуу шарт болгондо, мурдагы оорулары, анын ичинде жүрөк оорусу да козголушу мүмкүн. «Түрмөгө түшкөн саясатчылардын жүрөгү ооруп калат» деген ошондон келип чыгып жатат. Экинчи жагынан, азыр түрмөлөрдө, убактылуу кармоочу жайларда медицинанын абалы өтө начар. Кардиология жаатында текшерген, дарылаган адамдар болушу керек эле. Тилекке каршы, ал жерде андай шарттар жок. Ал жакта шарттар жакшы болсо, түрмөдөн чыкпай дарыланып, ошол жакта айыгып, ооруганын эч ким деле билбей калмак. Ошондуктан жүрөгү ооруган адамдар дарылануу үчүн атайын адистешкен ооруканаларга жатууга туура келип жатат. Азыркы шартта көпчүлүгү жеке менчик клиникаларга чыгууда. Себеби, жеке менчик клиникалардагы шарт мамлекеттик клиникаларга салыштырмалуу жакшыраак. Анүстүнө жоопко тартылган адамдарды мамлекеттик ооруканаларга чыгаруу эрежеси өтө татаал. Мисалы, бир эле врач барып ооруга диагноз коюп, чечим чыгара албайт. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте түзүлгөн комиссия чечим чыгарып, бюрократиялык тоскоолдуктар көп болот. Убактылуу кармоочу жайлардан, абактардан мамлекеттик ооруканаларга чыгарып алып дарылоо өтө татаал. Андайдын бетин ары кылсын, андайга туш болгондор өтө кыйналышат чындыгында».
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер