Иосиф Бродский: “Ойнодум кумар, ойгондум деңиз боюнда”
Иосиф Бродский 1940-жылы Ленинградда туулган. Ал ырды өзүнүн айтуусу боюнча 16 жашынан жаза баштаган. 1960-жылдан тартып анын ырлары кол жазма (самиздат) түрүндө “жабык базар” (чёрный рынок) аркылуу поэзия сүйүүчүлөргө тарап, дайын болуп турган. Ал эми официалдуу адабий чөйрө аны кабыл алган эмес. Басма сөздө өтө сейрек жарыяланган. 1963-жылы “эч жерде эмгектенбейт, жанбакты” деген күнөө тагылып, камакка алынып, 1964-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок, Анна Ахматова, Дмитрий Шостакович сыяктуу прогрессивдүү искусство өкүлдөрүнүн киришүүсү менен 1965-жылы мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулган. 1972-жылы КГБнын жана партиялык идеологдордун кысымы аркылуу СССРден чыгып кетүүгө мажбур болгон. АКШда жашаган жылдары абдан үзүрлүү эмгектенип, колдоого, коргоого алынды. 1987-жылы ага Нобель сыйлыгы ыйгарылды. Ал ошо кеткен боюнча мекенине кайрылбай, 1996-жылы бөтөн жерде каза тапты.
Иосиф Бродскийдин ар кайсы жылдарда, ар кайсы өлкөлөрдө жазган ырайлуу, чырайлуу, түптүү, нуктуу ырлары орус жана дүйнөлүк поэзиянын шедеврлеринин катмарын толтуруп, толуктап турат.
Отурдум торго жапайы жырткыч ордуна,
ойнодум кумар, ойгондум деңиз боюнда,
аскадан бийик көз салдым жайык дүйнөгө
салт-үрпү бөтөн, жашадым чоочун үйлөрдө.
Сууга агып үч жол, эки ирет бычак сайылып...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити