Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кочкор окуясы – УКТга шалаакылык кылган жетекчилер жерде калышкан жок

Кочкор окуясы – УКТга шалаакылык кылган жетекчилер жерде калышкан жок

19-июнь, 19:30
3 771 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Октябрь төңкөрүшүндө элди аттырып, качып кеткен Кашкар Жунушалиевдин өкүл баласы Азамат Билебаев Ысык-Ата РИИБнин начальнигинин орун басары болду. Бул кадр жарым жыл мурда кызматтан алынган. Себеби, Нарын ОИИБде уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмдү жетектеп турганда, Кочкордо УКТ мүчөлөрү милицияларды кордоп, урганга чейин барышкан, ошол эле кезде ишкердин кафесин өрттөп кетүүнү айтышып, кыйла коркутушкан. Окуя резонанс берип, бир катар шалаакы, кайдыгер “кызыл шапкечендер” кызматтарынан кол жуушкан. Эми алардын бири Ысык-Ата РИИБнин орун басарлыгына келгени кандай? Айтмакчы, Азаматтын фамилиясы мурда Димисинов болуп, бир тууган иниси кылмыш кылып, издөөгө алынганда өзгөрттү беле? Бул суроону тактап коюш керек. Айтмакчы, Азамат Билебаев Июнь коогалаңына шектелген генерал Бакыт Алымбековдун күйөө баласы экен. Айтор, баардык жагынан чырмалышып, айыпталып, карьера жасап жаткан чагы. 

УКТга байланышкан Кочкордогу окуя боюнча Алмаз Усеналиев да Нарын ОИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынан алынып, көп өтпөй Ош ОИИБ начальнигинин орун басарлыгына дайындалган. Эми Кочкор РИИБнин экс-начальниги кайсы “майталкан” кызматка секирет? Угушубузга караганда, бул эргул Акылбек Жапаровдун тууганы катары айтылып келет. 

Ошентип, Нарын облусунда УКТны тескей албаган, шалаакылыкка айыпталган “кызыл шапкечендердин” дээрлик баарысы орун которушуп, жылуу-жумшак иштеп жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер