Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда жумушсуздуктун саны көбөйдү
Кыргызстанда жумушсуздуктун саны көбөйдү
16-декабрь, 09:57


2019-жылы жумушсуздуктун деңгээли 3,3% түздү. Бир жыл мурун 2,8% болчу. Мамлекетте ишсиз жарандардын расмий саны 83,3 миң кишини түзөт. Бул бир жыл мурункуга салыштырганда 18,9% көп.
Жумушсуз жарандардын эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда - 7,3%. Эң төмөн көрсөткүч Чүй облусунда - 1,2%.
1-ноябрга карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102,9 миң кишини түзгөн. Бул сан былтыркыдан 11 миң адамга көп.
Январь-октябрь айларында эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 728ди түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 миңге аз болгон.
Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.
Aryba.kg