Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Олуттуу маселе: бизге Адахан керекпи, же жерибиздин бүтүндүгүбү?

Олуттуу маселе: бизге Адахан керекпи, же жерибиздин бүтүндүгүбү?

20-январь, 11:41
2 034 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку убакта Адахан Мадумаров башкы прокуратурага барып, чек ара боюнча кылмыш ишине катар-катар сурак берди. Адатынча аксынып, эч нерсени моюнга албагандай түр көрсөтүүдө. Ал эми президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик тилкелеринин талаш-тартышына, чечилбей жатканына токтолуп, Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон протоколунун кедери тийип атканын, Төрт-Көчө аймагынан көйгөй жаратканын билдирген. (Өзүбүздүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылга арендага алганы ЖМКларда далай жазылып, талкуу жаралганы эсибизде). Сыягы, тили сайраган Мадумаровдун түбүнө Баткендеги жерге “балп” эте кол койгон катачылыгы жетип, биротоло камалып кетсе, тажиктер менен чек ара маселесин чечүүдө жеңилдиктер жаралабы? Алар Мадумаровдун протоколун бетке кармай алышпай калат, себеби, иш жүзүндө мамлекеттик документке кол койгон адамды сот кылмышкер, чыккынчы катары тааныса, Душанбе бийлиги утулабы? Ошондо эл аралык коомчулукка жүзүбүз жарык болобу? Натыйжада, кыргыз бийлиги жерин сактоодо жеңишке жетери алдыртан айтылууда. Дал ушул өңүттөгү олуттуу баскычты түшүнүү зарыл, бизге Адахан керекпи, же жерибиздин бүтүндүгүбү? Акыл калчай турган кез келди. Бул саясый куугунтук эмес да! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер