Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калпычы министр Аскарбек Жаныбеков кымбатчылык боюнча унчукпайт, оозуна төө тепкендей...

Калпычы министр Аскарбек Жаныбеков кымбатчылык боюнча унчукпайт, оозуна төө тепкендей...

05-июнь, 22:30
238 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дыйкандарды нааразы кылган №309 токтомдун айынан бир топ ызы-чуу болуп, фермерлер парламентке чейин келишип, ал чыр дагы деле басыла элек. Мурдун балта кеспеген айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков “мониторинг жүргүзүп, үрөнчүлүк чарбаларын тактадым” деп теледе өзүн реклама кылып баштаганда, экс-министр Тилек Токтогазиев мониторинг жүргүзгөн комиссияны ал түзгөнүн тастыктап, анын жасаган ишин өзүнө ыйгарып алганын айтып, калпын чыгарган. Андан кийин парламентте да Айсара Абдиева министрдин жалганын жарыялаган жайы бар. Иштебей эле оозу менен орок оруп, тынбай өзүн рекламалап, тележылдызга айланган бул министрдин айынан өткөн жылы дыйкандар айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүмдү 35 пайызга аз алышып, кирешелери куруп, чыгаша болушту. Министр бул кыйынчылыкты кургакчылыкка шылтады. Көзү ачылып кеткенсип январда “быйылкы жыл оор болот” деп жар салганы менен жаманчылыкты чакыргандай эле болгон. Ал чолок акылында өзүнө ошентип алиби даярдайын (!) деген окшойт. Анткени өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна да ушул калпычы министр жооп берет эмеспи. Оозуна сала бергенби, айтор, андан бери азык-түлүк, жашылча-жемиштердин баасы эки-үч эсе кымбаттады. Күндөлүк керектелүүчү ун, сүт, кумшекер, өсүмдүк майынын баасы күн өткөн сайын өсүүдө. Эл кыйналып жатат, министр Аскарбек Жаныбеков болсо кымбатчылык, баалар боюнча оозун төө тепкенсип унчукпайт да, тар чөйрөдө Садыр Жапаровдун кудасы менен шеринеде чогуу болуп, уча жегенин айтып түгөтө албай ар кандай жомокторду чыгарып, мактанып жүргөнүн уктук... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер