Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башаламан башкаруу эл ишенимин жоготот

Башаламан башкаруу эл ишенимин жоготот

21-февраль, 17:02
607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 “Ат-Башы кыргыз-кытай соода аймагы” компаниясы Ат-Башыга индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Нарын эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков билдирүү таратты. Түзүлгөн жагдай өлкөнү башаламан кылып башкарган бийликке элдин ишениминин кеткендигинин ачык-айкын белгиси. 2010-жылдагы кандуу төңкөрүштөн кийин көпчүлүк өнүгүп-өсүү болот деп Атамбаевге үмүт арткан. Бирок, көп өтпөй эле анын мамлекеттик башкаруу системасындагы туура эмес кадамдар, ууручулукка жол берүү, кадр саясатындагы башаламандык, саясый куугунтуктар, рейдерлик басып алуулар, коомчулук тарабынан инвесторлорго ишенимдин жоктугу, мунун натыйжасында эл аралык мамилелердин бузулушу Атамбаевдин аброюн төмөндөттү. Атамбаевдик система учурда дагы ийгиликтүү уланып, ууручулук, коррупция ого бетер күч алууда. Дээрлик көп жылдардан бери инвесторлорго Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүн көрсөтө алган жокпуз. Өлкө башчынын саясий эркинин жоктугу, алдыны көрө билбегендиги элдин бийликке ишенимин таптакыр жок кылды. Бүгүнкү күндө Президент Сооронбай Жээнбеков канчалык аракет кылганы менен Атамбаевдин уурулук системасын кыйратууга күчү жетпей келүүдө. Ушундан улам башкаруу бутактарына коомчулуктун нааразычылыгы күндөн күнгө күчөп, ар кандай акциялар уюштурулуп жатат. Ат-Башыдагы кырдаал чечилгени менен былгып жаткан ири экономикалык кылмыштар, көз боёмочулуктар, Жер Үй кени боюнча келишим, анын Атамбаев тарабынан текейге сатылып жиберилиши бүткүл кыргыз элинин нааразычылыгын жаратып, чоң чатактын чыгышын шарттоодо. Алдыда Нарын, Ысык-Көл, Чүй областарынын оор жүк ташуучу машиналарынын айдоочулары, эгерде Өкмөт Казакстандан көмүр сатып алганды токтотпосо, алар дагы ири масштабда нааразычылык акция өткөрүүдөн баш тартпай турганын белгилешүүдө. Чындыгында өкмөттөгү аткаминерлердин жеке кызыкчылыгын көздөп, Казакстандан көмүр сатып алышы өз элине кара санатайлык диверсиясы, акылга сыйбаган иш. Өз жерибизде көмүрүбүз турганда коңшу мамлекет Казакстандан көмүр сатып алууга ким кызыкдар? Тогуз-Торо районунда чет элдик инвестор алтын концентратын ылгоочу жаңы комбинатты куруп жатса, Өкмөт колдоого албай, керек болсо өзү анын өрттөлүшүнө шарт түзүп бергенин кантип унутууга болот? Бул иш эмдигиче тергелген жок, тескерисинче ашмалтайын чыгарып, жаап-жашырып коюшту. Аталган экономикалык кылмыш ишине ушул убакытка чейин юридикалык баа берилбей келет. Башкы прокуратурага фактылар келтирилип, далилдүү жазылган арыздарды текшербей, бүгүнкү күнгө чейин жаап-жашырууда. Жогорудагы фактылардан улам өлкөдө бийликке ишенбөөчүлүк абал курч экенин жашыруу мүмкүн эмес. Ал тургай экономикалык кылмыштардын өрчүшүнө ар кайсы деңгээлдеги күч органдары өздөрү көмөк көргөзүп жаткандай туюлат, андан тышкары, рейдерлик, басып алуучулук көрүнүштөрү өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч жаратууда. Прокуратура тергөө иштерине көзөмөл кылбай, жаап жашырып жатканы, алардын акча булагы катары позициясы ачык айтылып келет. Тергөө органдарындагы мындай көрүнүш элдин нааразычылыгын күчөтпөй койбойт. Кылмыш иштерин тергөө, ачыкка чыгаруу тандалма жүргүзүлүп, бийликке жакын ууруларды коргоого алган учурлар кездешкендиктен коррупцияга каршы иштер баалуулугун жоготууда. Нааразы жарандардын түз эле Президентке кайрылышы дагы ушундан улам. Мыйзамды көзөмөл кылган орган жокко эсе. Президент күч органына ишеним артканы менен алардын кайра эле уурулукка барып жатышы өлкө мыйзамдарына гана эмес, абийир, адамдык мыйзамдарга дагы камчы чабуу менен барабар. Ошентип, өкмөт башчысы Абылгазиевдин кардиналдуу кадамдары болбосо, жаз алды менен элдин нааразычылык митингдери кайрадан уланышы күтүлүүдө. Андыктан, күч органдары жеке мүдөөлөрүн ишке ашыруу менен алектенбей, мыйзамдуулукту сактап, өлкөнүн өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошсо деп чакырам. 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер