Жыргалбек Касаболот: Пандемия (2021)
Ушул күндөр – көңүлдү эзген көк туман,
Ушул мезгил – чөлдө безген көп кулан...
Оюмдан да санаам ашып, бааарынан
Ооругандар айыкса экен деп турам.
Эзилгендер илдеттерин жеңе алсын,
Энтиккендер кенен-чонон дем алсын.
Жаналгычтар жаңылаары чын болсо
Жакындардын жанын коюп, мени алсын.
Азга чөкпөй, аш кылганы катыктуу,
Ашса көппөй, жаңылбаган басыктуу.
Азаптарды көп көрдү эле! Жашоого
Алар менден алда канча татыктуу.
Ата болдум, ак өргөөсү бешиктүү.
Адам болдум, ырыстуу да, кешиктүү.
Асылдарым аман жүрсүн ириде,
Ачык айтсам чыккан жашым жетиштүү.
Эсен жүрсүн эркелечү караандар,
Эл ичинде жарык берген жарандар.
Мен жашасам – гүлдөп турсун эжемдер.
Мен жашасам – күүлдөп турсун абамдар.
Азыр ушул жаш-кары эмес, ортомун.
Алым жетсе ач бөрүдөй жортомун.
Бирок чиркин улам-улам кылчактап
Бирөөсү эмес, баарысы үчүн коркомун.
Бөлөк-бөтөн тизесине чаппасын,
Бөөдө кырсык терезесин какпасын.
Кыйналса да түбөлүгү түз болуп
Кыргызымды Кудай өзү сактасын!