Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Футболкачан Айсулуу Мамашова жана Дастан Бекешов сынга кабылды
Футболкачан Айсулуу Мамашова жана Дастан Бекешов сынга кабылды
16-июнь, 18:57

15-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда депутат Айсулуу Мамашова жана Дастан Бекешов футболкачан отурушту.
Былтыркы жылдын башында депутат Алмазбек Токторов баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду «Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз» деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин «бул жер базарбы?» деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган. Бул коомчулукта катуу талкууланып, депутаттар сынга алынган эле.